Menu

Өзбекстан менен Тажикстан виза режимин жумшартуу ниетинде

Бөлүшүү:

Өзбекстандын вице-премьер министри Рустам Азимов баштаган өкмөттүк делегация 26-декабрда Дүйшөмбүгө келет. Тажикстандын борборунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтөт. Дүйшөмбүдөгү жолугушууда тараптар 2000-жылы киргизилген виза режимин жумшартуу маселесин карашат.

Жыйында Тажикстан менен Өзбекстан темир жол жана автобус байланыштарын ачуу боюнча макулдашат. Жакын арада эки мамлекеттин чек араларында көзөмөл өткөрмө бекети иштеп баштай тургандыгы күтүлүүдө. Мындан тышкары бажы мекемелери дагы мамилелерди чыңдоо ниетинде.

2017-жылы Тажикстан Дүйшөмбүдө Өзбекстанда өндүрүлгөн товарлардын ири көргөзмөсүн өткөрүүнү көздөп жатат. Ага автоунаалардан тарта азык-түлүккө чейин коюлат. Көргөзмөнүн жыйынтыгында биринчи жолу тажик-өзбек бизнес-форуму өтөт.

Тажикстан менен Өзбекстан жакынкы аралыкта билим берүү тармагында кызматташуу ниетинде.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: