Menu

Мирбек Мырзабеков, журналист: “Атамбаев кетерге жакын өз абийирин төгүп бүтмөй болду!”

Бөлүшүү:

Бүгүн, Дайырбек Орунбековдун сотуна катыштым. Мурда соту болуп атыптыр деп сырттан эле байкоо кылып, жакындан катышкан эмес элем. 
Эми мен дагы көз карашымды кесиптеш катары айтышым керек. 
Президент өзү Журналистти сотко берип андан 2 млн сом талап кылган бул осол иш. Сөз эркиндигин мындай жазалабайт. Орунбековду жазаласа анын жазганын окубай коюш керек болчу. Чычалап сотко бергени – бул президенттин төмөн деңгээлге түшүп, сөз эркиндигине кыянаттык кылып жатканы деп эсептейм. Чоң суммада айып салганы аз келгенсип, эми каматам деп жатат. Ушундай кантип болсун? Эмне, президент Атамбаев 2010-жылдагы убадаларын унуттубу же мурдагы бийликтен сабак албайбы?!

Төңкөрүштүн келип чыгуу себеби да ушундайдан башталган. Атамбаев оппозиционер кезинде ага болушуп жазган журналисттер жазага тартылып, кээ бири өмүрү менен коштошкон. Тилекке каршы Атамбаев өткөн күнүн унутуп, сөз эркиндигин өзү муунтуп, башкаларга үлгү болуп чабуулду баштап берди. Аны көргөн жан жөкөрлөрү да элдин баарын, эркин оюн айткандарды сотко сүйрөй баштады. Анын шопуру Икрам Илмиянов Уран Ботобековду 1,8 млн сомго жыкты. Ал аргасыз өлкөдөн качып кетти. Атамбаевдин эң жакын адамы Э.Мамбеталиев Адил Турдукуловду 5 млн сомго сотко берди. КСДПчы депутат Дастан Бекешов Мавлян Аскарбековду сотко берип, доо өндүргөнү жатат. Бул эмне деген зомбулдук?! Чеги болуш керек го.

Урматтуу президент!

Сиз чындыкты айткан журналисттерди сотко берип, каматып оозун жабам деп ойлоп жатасызбы? Мындай кадамыңыз жийиркеничтүү болуп бара жатат. Журналистке асылган чоңдордун эч кимиси абийир тапкан эмес, абийириңиз кетип жатат. Кетерге жакын сый менен кетсеңиз болмок. Мындай зулумдук кыргыз элин кайра толкутуп жиберет, эл аккан сел. Токтото албай каласыз, буга чейинки президенттер да көзүн май басып, акыйкатты тааныбай калган. Кеч болуп калбасын. Журналисттерден колуңузду тартыңыз жана жан жөкөрлөрүңүздү тыйыңыз. Мен да тынчы кетип, кыжырданып бара жаткан элдин катарындагы жаран катары ушуну айтам.

 Сизди урматтап журналист Мирбек Мырзабеков

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: