Menu

Орусия 22-декабрдан тарта Тажикстан менен аба каттамдарын токтотот

Бөлүшүү:

Орусия менен Тажикстандын ортосундагы аба байланыштары 22-декабрдан тарта токтотулат. Эки өлкөнүн авиация бийликтеринин ортосундагы жаңжал бир нече айдан бери уланып келе жатат. Тажикстандын Транспорт министрлиги эки күн мурун “Жуковскийден” Дүйшөмбүгө каттай турган  “Ямал” авиакомпаниясынын учууларына тыюу салган. Чектөө 2016-2017-жылдар аралыгындагы кышкы сезон маалына тиешелүү экени белгилүү болду.

Орусиянын Транспорт министрлиги маалыматты тастыктап, аба каттамдары 22-декабрда токтотуларын айтты.

Тажик тарап моюнуна алган милдеттенмелерин аткарбаса, Москва аба каттамдарын токторун айтып опузалоодо.

Орусиялык “Ямал” авиакомпаниясынынын Худжанд-Жуковский учууларына теңтайлаштыктын жоктугуна таянып тыюу салынган.

Тажикстандын Транспорт министрлиги өлкөдө орусиялык авиакомпаниялар басымдуу кылып жатканын, теңтайлаштыкты сактоо максатында орусиялык “Ямалдын” ырааттуу каттамдарына кышында уруксат берүү мүмкүн эместигин ырастады.

Тажикстандын Транспорт министрлиги “Ямал” бул багыттарга билеттерди сатууга укукгу жок болчу деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: