Menu

Фотобаян – Сөз эркиндигин коргоо комитети 2016-жылдын мыктыларын атады

Бөлүшүү:

Кечээ, 23-декабрдын кечинде Сөз эркиндигин коргоо комитети жыл жыйынтыгын чыгарып, журналисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана саясатчылар менен бирдикте жаңы жылдык кече өткөрдү. Анда 2016-жылдын мыктылары аталып, комитеттин атайын сыйлыктары тапшырылды.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин версиясы боюнча жылдын мыктылары катары төмөнкү жарандар аталды:

“Жылдын мыкты адамы” сыйлыгына депутат Чолпон Жакупова 

“Жылдын мыкты жараны” сыйлыгына укук коргоочу Рита Карасартова

“Жылдын мыкты мекенчили” сыйлыгына тарыхчы Элери Битикчи (Назик Кыдырмыев)

“Жылдын мыкты журналисти” сыйлыгына Махинур Ниязова

“Жылдын мыкты иликтөөчү журналисти” сыйлыгына Кубанычбек Жолдошев

“Коом алдында сиңирген эмгеги үчүн” сыйлыгына укук коргоочу Азиза Абдурасулова

“Жылдын мыкты патриоту” сыйлыгына укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдор татыды.

 

Ошондой эле жылдын терс каармандары да белгиленди:

 

“Жылдын арзыматы” наамы КТРКнын гендиректору Илим Карыпбековго

“Жылдын дүжүрү” наамы Жыпар Жекшеевге  

“Жылдын балитологу” наамы Бакыт Бакетаевге ыйгарылды.

 

“Жылдын мыкты адамы” сыйлыгын Чолпон Жакуповага депутат Өмүрбек Текебаев тапшырды

“Жылдын мыкты мекенчили” сыйлыгын Элери Битикчиге (Назик Кыдырмыев) коомдук ишмер Камила Шаршекеева тапшырды

“Жылдын мыкты журналисти” сыйлыгын Махинур Ниязовага саясатчы Бегалы Наргозуев тапшырды

“Жылдын мыкты иликтөөчү журналисти” сыйлыгын Кубанычбек Жолдошевге саясатчы Элмира Ибраимова тапшырды

“Жылдын мыкты патриоту” наамын укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго саясатчы Равшан Жээнбеков тапшырды

“Коом алдында сиңирген эмгеги үчүн” сыйлыгына татыган укук коргоочу Азиза Абдурасулова өзү келалбагандыгына байланыштуу кызы Гүлшайыр Абдурасуловага жаш саясатчы Адил Турдукулов тапшырды.

“Жылдын арзыматы” антисыйлыгын  Илим Карыпбековго  “Жаңы муун” кыймылынын өкүлү Мавлян Аскарбеков тапшырды.

“Жылдын дүжүрү” антисыйлыгын Жыпар Жекшеевге белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов тапшырды.

“Жылдын балитологу” антисыйлыгын Бакыт Бакетаевге журналист Нарын Айып тапшырды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Фотолор Ярослав Тартыковдуку

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: