Menu

Эки депутат Ташиевди таштап кетишти

Бөлүшүү:

Алгач Камчыбек Ташиевдин колдоосу аркылуу саясатка аттанышкан Бакыт Сыдыков менен Талант Мамытов депутат болушкандан кийин позицияларын өзгөртүп кетишкени белгилүү. Башында бул экөө «Ата Журттун» тизмеси аркылуу РАЖдан байыр табышкан. Шайлоо учурунда Ташиевге «хулиганчылык» беренеси жармашып, тизмеден алынып калгандан соң, Бакыт менен Талант шефине жүздөрүн үйрүшүп, анын алабармандыгынан тажашканбы, айтор, Бабановго түп тамырынан ооп кетишиптир. Жакында К.Кыдыршаевичтин кыжыры кайнап, «Сыдыков менен Мамытов менин үмүтүмдү акташкан жок» деген маанайда үн каткан. Сыягы, экөө бирдей Ө.Токтогуловичтин арканды алыс ыргыткан кыйындыгына баа беришип, кийинки тагдырларын “Республикага” толук кандуу байлашты окшойт.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: