Башмыйзамдын бийлик тарабынан сунушталган вариантына өздөрү жетекчилик кылышкан региондордон колдоо алып бере албаган жетекчилердин кызматтык орундары каралаары боюнча кеп кетти. Азырынча «кара тизмеге» Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев менен Токмок калаа башчысы Жыргалбек Шамыралиев илингени чынбы? Балыкчы калаасынан референдумду өткөрүүгө КСДПнын өкүлдөрү эмес, «Замандаш» партиясынын жергиликтүү элге кадыры бийик депутаттары колдоо алып беришип, мэрди сактап калышканы каңкуланууда. Мындай критерий астында ишбилги кадрларды кызматтан шыпыра берсек, абалыбыз жакшы болбойт го? Кемчиликти жергиликтүү жетекчилерден эмес, борбордук бийлик өздөрүнөн издешпейби?
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ