Menu

Аида Салянова, ЖК депутаты: “Мен УКМКда 4 сааттан ашык суракта болдум, Жылдыз Мамбеталиева менен беттештиришти, ал жалган көрсөтмөлөрдү берди”

Бөлүшүү:

Мурдагы башкы прокурордун айланасында ар кандай сөздөр чыгып атканы, коомчулукта эки анжы ойлор да жаралганы жашыруун эмес. Албетте, биз калыстык үчүн соңку эки чуулуу маселе боюнча Аида айымдын өзүнө кайрылып, ынанымдуу жооп алууга жетиштик

– Аида Жеңишбековна, элдин бүйүрүн кызытып, социалдык түйүндөр аркылуу кеңири талкууланып жаткан маселе бо­юнча пикириңизди уксак кандай болот? Кеп сиздин агаңыз Калыйбек Салянов тууралуу болуп жатат…

– Чындыгында бийликке Калый Саляновдун кызыгы да, кереги да жок. Бул жерде башкы бута мен болуп атам. Салянов деп мага байланыштырышкандары үчүн чоң резонанс жаралып жа­тат да. Ааныгында ал киши менин бир тууган агам эмес, атамдын иниси. Аны канчалык ма­га жабыштырып, ре­зонанс кылган сайын бир чоң үй-бүлөгө залакасы тийип атат. Агамдын аялы, беш баласы бар. Кимдир бирөөлөр үчүн бул саясый кызыкчылык, эрмек болсо, бир үй-бүлө үчүн чоң трагедияга айланды. Эч кан­дай күнөөсү жок балдар азап тартышууда. Аларды көрүп, мен да ыңгайсыз ахыбалда калып жатам, себеби, алар мен үчүн азап тартып атышат да.

– «Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда кийлигишип, иштин ачылышына жол берген эмес» деген айыптоого не дейсиз?

– Мен башкы прокурорлуктан кеткениме мына эки жыл болду. Эгер мен башкы прокурор катары тоскоолдук кылган болсом, ушул эки жылдын ичинде ал иш тергелип, ачылышы керек болчу. Бирок, качан мен референдумга каршы чыгып, өзүмдүн позициямды ачык билдиргенден кийин бул нерсе кайрадан жаңы күч менен пайда боло баштады. Булар айтып атышпайбы, «негизги күбө жоголуп кетти» деп. Жоголуп кетсе табышпайбы. Же ким жоготконун айтышпайбы. Анан жөн эле божомолдоп жаза бергендери – бул саясый за­каз экендигинен кабар берет. Негизи мен кызыгып көрсөм, ал саунага эки бөлөк компа­ния, эки бөлөк убакытга барган экен. Саунада иштеген кыз чындап эле «мен Дүйшөбаевага окшош бир кызды көргөм» деп көрсөтмө бериптир. Бирок, «Салянов же Жамансариев менен көр­гөм» деп айткан эмес. Бир компания менен келгенин көргөнүн гана айткан. Кий­ин Салянов менен дагы, Жа­мансариев менен дагы беттештиргенде: «Булар менен келген эки кызды мен жакшы эстеп калгам. Ал эми тиги, мен Дүйшөбаевга окшоштурган кыз ал башка ком­пания менен келген» деп айткан. Мен эмне үчүн «саясат жасашууда» деп аткан себебим, «Вечерний Бишкек» гезити эки бөлөк убакытта келген эки бөлөк компанияны атайын чаташтырып, «Дүйшөбаева Саляновдор ме­нен келген» деп калптын баарын жазып атат. Саляновдун ал күндөргө кынтыксыз алибиси бар.

-Агаңыз качып кеткени чынбы?

-Агам бизнес менен алектенгендиктен, иш боюнча дайыма өлкөдөн сыртка чы­гып, кайра келип турат. Би­рок, тааныштары «сага карата далил жок болсо дагы «келсе эле камагыла» деген команда кетти» дешкенде ал сыртта болчу. «Эми кырдаал кандай болоор экен?» деп күтүп атат. Чек ара кызматынын акыркы эле бир-эки айдагы маалыматын караса эле билинет, ал киши такай иш менен сыртка чыгып, кайра кирип жүргөнү боюнча. Мурда деле «сени камайт» деген маалыматтар келип аткан, бирок, «далил жок болсо, күнөөсүз эле кишини кантип камасын?» деп ишенбей жүргөн. Качан бийликтен «эч кандай далилдин кереги жок, кама­гыла!» деген көрсөтмө болгондон кийин гана аргасыздан келбей турат.

– Жылдыз Мамбетали­ева экөөңүздөрдүн ортоңуздардагы сүйлөшүү да көп талкууну, күдүк суроолорду пайда кылды.

– Негизи сүйлөшүү болгон. Жылдыз Мамбеталиеванын демилгеси менен. Ошондон бир нече күндөн кийин эле Мамбеталиева: «Менин күнөөм жок. Саясый кырдаалдан улам мен Саляновадан сурагам, ал мага тапшырма берген» деген билдирүү ме­нен чыкты. Жанагы сүйлөшүү анын сөзү калп экенин тастыктап атат. Экинчиден, ал эмне үчүн менден саясый багыт сураш керек? Эгер мыйзамдын негизинде болуп жатса, ал деле юрист, мен деле юрист. Иштеген жерибиз айыл чарба, же транспорт министрлиги эмес. Биз юстиция министрлигинде иштеген жетекчилер болчубуз. Анын «саясатка жараша багыт сурагам» деп айтканынын өзү мыйзамсыз.

-Кызык, экөөңүздөрдүн сүйлөшүүңүздөрдү ким жазып алган? 

– Бир сайт «Салянова жарыялады» деп жазды. Эгер мен жарыялаган бол­сом, анда, Мамбеталиеванын башка сөздөрү деле ашкере болмок да. Экөөбүз көпкө чейин сүйлөшкөнбүз. Ал бийликти дагы сындап, өзүнө тиешелүү баш­ка дагы сөздөрдү ай­тып отурган. Чындап эле мен чыгарган болсом, балким, ошолорун да кошо жарыялап коймокмун. Жакында мен УКМКда 4 сааттан ашык суракта болдум. Жылдыз Мамбеталиева менен да­гы беттештирүү болду. Ал буга чейин айткан калпынан да­гы ашып түштү. Эгерде ошол беттештирүүнүн видеосун жарыялашса, ал жерде ким калп айтып, ким чын айтып атканын түшүнүү үчүн психо­лог болуштун дагы кереги жок. Калп айтып жатканда Мамбе­талиева такыр көзүмдү карай албай койду. Бирок, ал беттештирүү болгондо, сиз айтып жаткан запись чыга элек болчу. Менин оюм боюнча, анын укук коргоо органдарында өзүнө тиешелүү маселелери бар. Ошол үчүн азыр мага жалган көрсөт­мө берип жатканы бул ошол соодалашуунун жыйынтыгы.

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: