-Турсунбек мырза, «КДКнын конференциясы болот» деп чамынып аттыңар эле, эмне болду?
-Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын конференциясы болду. Эмнеге КДК дебейсиңерби, анткени, КДК – демократиялык кыймылдын атасы. Ушу кыймылдын аркасы менен Кыргызстанга «демократия» деген түшүнүк кирген. Келерки жылкы президенттик ат чабышка өзүбүздүн талапкерлигибизди сунуштап, талкуу кылып, бир чечимге келдик.
-Талапкериңер ким болду?
– КДКнын ана башчысы катары кезексиз чогулган конференциянын делегаттарына мен Өмүрбек Текебаевди сунуштадым.
-Эмнеге Текебаев?
– Биз «ичип-жебеген», алдым-жуттум эмес, Айдар, Максим менен дос болуп жүрбөгөн, тек гана өз кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан өйдө койгон көпөстөрдөң эмес, мамлекет үчүн жан үрөгөнгө та за, такшалган саясатчы катары Өмүрбек Чиркешовичти тандап алдык. Биз үч жолу жаңылдык. Жетет да эми…
-КДК опасный элеңер, кимди колдосоңор жеңип кетчү, же андай эмеспи?
-Ошондой. Эгемендик алган жылдардан бери биздин КДК кимди тандап, кимге багыт алсак, өзүң айткандай, жеңиш биздики болуп келген. Тарых мындай нерсени бир нече ирет тастыктаган. Бул коркутуу-үркүтүү эмес. Жөн гана айтып коюу парз.
-Конференцияда Текебаев өзү болдубу?
-Өзү болгон жок, бирок, кабардар кылып койдум.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ