Menu

Тынычбек Табылдиев, экс-вице-премьер-министр: “Өлгөн малдын, эшектин этин жеп жатсак да бийлик үн катпады”

Бөлүшүү:

-Тынычбек мырза, «6 жылдан бери өлкөдөгү терс көрүнүштөр Башмыйзамдын чийкилигинин айынан болуп келди» деген жүйөнү бетке кармаган бийлик жакында референдумду өткөрүү менен максатына жетишти. Башмыйзамды го кабыл алдык, мындан ары жашообуз оңолооруна көзүңүз жетеби?

-6 жылдан бери баардык жактан артка кеткенибизге жалаң эле ушул Башмыйзам себеп бо­луп келсе, анда муну бийлик эмес, эл айтышы керек болчу. Мамлекетгик бийликтин негизги булагы болуп, эл эсептелээри Башмыйзамда даана бадырайып жазылып турат. Эгерде карапайым эл «Башмыйзамды оңдойлу, өзгөртүп алалы да, мындан ары мыйзамдуу жашайлы» деген болсо референдумга жабыла келиши керек эле. Өзүңөр көргөндөй жалпы элдеги шайлоочулардын референдумга болгону 40 пайызы гана келип катышты. 60 пайызы келген жок. Бүгүнкү күндө да мени эң катуу ойлонткону ушул маселе болууда. Жал­пы элдин 60 пайызы Башмый­замдын кандай болгонуна кызыгып, катышпаса, кантип анан биз укуктук мамлекет куруп, укугубузду кантип сыйлап жашайбыз? Ошондукган, Башмый­замдын өткөнүнө сүйүнбөстөн «эл кандай кабыл алды, элге эмне керек экен?» деген сындуу суроолорго түйшөлүшүбүз зарыл.

-Бир катар эксперттер мамлекеттик казынабыздын таңкыстыгын көрүп, соңку 26 жылда мамказына мынчалык ички-тышкы карызга чулганбаганын билдиришүүдө. Алтургай өлкөбүз дефолт болуу коркунучуна кептелгенин ачык айтышууда. Айтыңызчы, биз экономикалык жактан ушунчалык коркунучтуу диверсияга туш болдукпу?

-Негизинен чет элден келчү түз инвестицияны биздин жеке инвесторлор, жеке менчик ээлери алуулары керек эле. Чет өлкөлүк инвесторлор менчиктин ээсине келиши керек. Тагыраагы, четтен келген 1 тыйын болсо да, анын акыры кайрымы болушу зарыл. А биздечи? Болгон инвестиция, четтен келчү болгон каражаттардын баардыгын өкмөттүн кепилдиги менен алып жатышат. Эй айланайындар, мындай болбойт да, туурабы? Ошол келген каражаттар­дын баардыгын келечек муундун мойнуна карыз кылып, иле беришибиз керекпи? Башкасын айтпай, түндүк-түштүк альтернативдүү жолду куруу үчүн Кытайдан 1 миллиард доллар насыяны өкмөттүн кепилдиги менен алдык. Бир да чет өлкөдө бизчилеп өкмөтү кепилдикке өтүп, насыя албайт. А бизде баары тескерисинче болууда. Келечек муун, эртеңки элибиздин мойнуна бүгүн болушунча карыздарды илип жатышат. Келээрки 2017-жылы карызыбыз 6 мил­лиард долларды түзөт экен. Бул өтө көп көрсөткүч. Биз мындай жүрөк титиреткен коркунучтан кантип кутулабыз?-Карыз алгандан коркпош керек, дагы да болсо ала бе­ришибиз керек экенин биз­дин жетекчилер кыйытып жатышат го?

-Бүгүн АКШнын да триллиондогон карызы бар. Бирок алардагы өндүрүштү көрүп жатасыңар го? А биздечи? Завод-фабрикаларыз иштеп жатса карыз ала берсек бир жөн эле. Макул, миллиондоп карыз алалы, эртеңки күнү кайтаруунун жол-жобосуна да баш катырышпайбы анда? Түндүк-түштүк альтернативдүү жолун карызга алып куруп жатабыз. Аны кантип төлөйбүз? Ошол жолдон өтүп бараткан фураларды токтотуп, чогултуп төлөйбүзбү? Керек болсо, бүгүн өлкөбүздөн өндүрүлгөн алтыны болсун, кайсы гана кен байлыктын канча көлөмдө өндүрүлүп. чет өлкөгө канча көлөмдө кетип жаткандыгын билбестигибизди парламент депутаттары өздөрү баш болуп жар салып жатышат Азыркы өкмөттүн инвестиция тартуу, жалпы экономикалык саясаты абдан туура эмес нукта кетип бара жатат. Керек болсо «жок» деп айтсак да жарашат. Премьер-министр региондорго барып, спорт залдардын же милиция пунктунун ачылышына катышып, лентасын кесип койсо эле ири өсүштү билгизбейт. Өкмөт башчы болгон соң стратегиялык багыттардын үстүндө отуруп иштөөсү зарыл. Азыркыдай квартал сайын карыз алып эмес, ички дүң продукцияны кантип көтөрүүнүн үстүндө баш оорутса дурус болоор эле.

-Өлкөдөгү түзүлгөн мына ушундай экономикалык оор кырдаалдардан улам бир катар саясый күчтөр баш көтөрүп, алдыдагы президенттик шайлоого карай биригүү расмисин башташты. Асыресе, Ахмат Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев баштаган үкаларыңыздын жоон тобу биригишүүдө. Булардын биригишине кандай көз-караштасыз?

-Буга чейинки схема, тажрыйбалар көрсөткөндөй жанагы үчөөнө окшогон топтор ар кандай саясый күчтөрдү чакырып, капчыкта канча каражат, элден канча добуш алып келээри боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө беришет. Азыр кайсы гана күчтөр биригишпесин, алардын партиясынын программаларын эч ким билбейт. А билбеген соң кантип бириксе болот? Кимден, кандай топ түзүлбөсүн булардын баардыгынын тагдырын жалпы эл чечиши керек. А эгерде келе жаткан президенттик шайлоодо да элибиздин 60 пайызы келбей, кайдыгер караса, анда биздин өлкө башчылыгыбызга каалаган кишилер ке­ле берет. Андыктан, эл дагы ойгонушу керек. Бүгүн баарыбыз өзүбүздүн тагдырыбызга өзүбүз кайдыгер болуп калдык.

-Өлкө казынасы какшып турган бүгүнкүдөй шартта бийликтеги айрым кызматтарды оптималдаштырып, маселен, ошол эле өкмөттөгү терт вице-премьердин экөөсүн кыскарта чапса болбойт беле? Жер жайнаган ушундай вицелер ашыкча эле да, туурабы?

-Мени «курулай эле кеп айтып жатат» дешпесин, убагында аким, статс-катчы, министр, вице-премьер-министр башта­ган бир топ жогорку кызматтарда иштедим. Мына бүгүн өкмөт менен вице-премьерлер эмне иш кылышты тыңгылыктуу айрымалап билишпейт. Азыр карасаңар, өлкөдөгү чек ара маселеси боюнча иш-чараларда 1-вице-премьер-министри алпурушуп жүрөт дагы, экинчи жолугушууларда коргонуу, коопсуздук жаатын тейлеген вице-премьер-министр аралашып жүрөт. А жыйынтыгында мындай иштерге кимиси жооп берет? Билим берүү министри менен социалдык блогду караган вице-премьер-министрдин ыйгарым укуктары тыңгылыктуу аныктала элек. Мындай шартта эмнени чечүүгө болсун? Азыр эл деле билип калды, адегенде 2 жыл депутат, андан соң вице-премьер-министр кылат дагы, көп өтпөй жумуштан аны айдашат. Вице-премьер-министрликке ким барбасын, муну өздөрү деле түшүнүп калышты. Мындан ары кызматынан ке­те турганын. Мына бир катар кызматтарды бириктирип де­ле көрүштү. Эмне болуп жатат? Өлгөн малдын, эшектин этин жеп жатабыз. Же жалганбы? Ош базарынан өлгөн малдын, эшектин этин жеп жатканыбызды журналистгер ташка тамга баскандай ачык көрсөтүп жатса, жыйынтыгында, кайсы органдар үн катты? Мөөнөтү өтүп кеткен жумурткалар өлкөбүзгө сатылып алынгандыгын парла­мент депутаты ачык айтууда, бийлик тараптан эч ким буга реакция кылбады. Андыктан, өкмөттөгү структураларды оптимизацияла дейсиңби же эмне балакет кылган күндө деле жетекчилик кызматтарда компетенттүү, тажрыйбалуу адамдар иштемейинче, канчалык кыскартып, азайтып койгондон эч нерсе өзгөрбөйт. Буга ишенип койгула. Бирдеме болсо эле «жаштар келишсин» дейт. Азыркы жаштарды деле көрүп жатпайбызбы? Жаштардын баары бей-өкмөтчү болуп, ар кандай конференцияларда эле акыл үйрөтүп же сын айтканга маш болуп алышты. Ошол тили менен сайрагандар куру дегенде айыл өкмөтү болуп, бир айылды көтөрбөйбү? Андай эле колунан укмуш иш ке­ле турган болушса. Акылдуу пре­мьер-министр келип, тажрый­балуу, компетенттүү кадрларды кызматка коймойунча бизде эч оңолуу болбойт.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: