Menu

Аида Салянова: “Елисеев менен саламдашып көргөн эмесмин”

Бөлүшүү:

Аида Салянова менен Елисеевдин адвокатына лицензия берди деген доомат боюнча жана мурунку Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева менен сүйлөшкөн аудио жазуусунун жарыяланып кетиши боюнча баарлаштык.

– Аида Жецишбековна, интернетке экс-юстиция министри Жыл­дыз Мамбеталиева менен сиздин сүйлөшүүңүз жарыяланды. Бул сүйлөшүү боюнча даты эмнелерди кошумчалайт элеңиз?

– Азыр мага каршы көрсөтмө бердиртүү максатында көп адамдарды кыйнап жатышыптыр. Акылы бар адам бул аудиожазууну уккандан кийин мага жасалма далил чогултам деп убара болуп, башка бирөөлөрдүн убал-сообуна калышпаса жакшы болот эле. Анткени, ал адамдарды деле калп айттырып, күнөөгө батырып жатышат.

-Елисеевдин адвокатынын лицензиясын узартуу чечимин жалгыз кабыл алган эмес экенсиз. Башкача айтканда, баары мыйзамдуу түрдө болгон экен. Эмне үчүн бүгүн атаандаштарыңыз бул нерсени Бакиевдерге жан тарткандай, элге чыккынчылык кылгандай коомдук пикир жаратууга үлгүрүштү го?

-Эсиңиздерде болсо, Абдил Сегизбаевдин сцеиарийи боюнча мен Елисеевге лицензия берип, аны менен мамилем бар болгон экен. Ошол мамиленин артынан үч депутат “Мегакомдун” акцияларына тиешелүү экен. Биринчиден, бүгүн “Мегакомдон” дагы, Белизден дагы дайын жок. Экинчиден, мен Елисеев менен саламдашып дагы көргөн эмесмин. Кыскасы, булардын максаты туура келсе, келбесе дагы эптеп ал ишти мага жабыштырып, коркутуп алыш керек болгон. Мен булардан коркмок турсун, жок жерден жалаа жаап, каралоо аракети болгонун ачык айтып чыктым.

-Сиз лицензиясын узартты деген Елисеевдин адвокаты бүгүнкү күндө КСДП аркылуу депутаттыкка ат салышып жатышы эмнеден кабар бе­рет? Эгерде ал кыргыз элине кооптуу жагдай жарата турган адам болсо, депутаттыкка ат салышканга ага ким жол шарт түздү?

-Елисеевдин адвокаты депутаттыкка ат салышып жатканына мен каршы эмес­мин. Эгер мыйзам жол берсе катышсын. Бирок, кош стандарттуулук бийликке аброй алып келбей турганын айткым келет. Себеби, негизи “саясат үчүн мыйзамды бузгула” деген бийликтин коомго болгон сигналы туура эмес, жакшылыкка алып барбайт.

-Сиз лицензиясын узарткан убакта Елисеев кылмыш иши козголгондордун катарында эмне үчүн болгон эмес?Айтайын дегеним, убакыт өткөндөн кийин бул ишти козгоп жатышканы атайын даярдалган буйрутма иш эмеспи?

-Елисеевге лицензиясы жандандырылып жатканда ага карата козголгон кыл­мыш иштери болгон эмес. Болгон күнү дагы кылмыш иштери тоскоолдук кылмак эмес. Анткени, мыйзам боюнча лицензияны жандандырбай койгонго соттун күнөөлү деп тапкан өкүмү гана негиз боло алат. Ошондон улам бул саясый буйрутма иш деп ишенимдүү айтса болот.

-Бул иште сиз утуп чыксаңыз, кылмыш ишин козгогондордун кимиси жоопкерчиликке тартылышы керек?

-“Кыңыр иш кырк жылда билинет” дейт кыргызда. Азыр эле ким кандай буйрутмаларды берип кызматкерлерди кыйнап жаткандыгы жөнүндө бизде маалыматтар бар. Эртеби-кечби кимдин тиешеси бар экенин алар сөзсүз айтып беришет.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: