Menu

Азимбек Бекназаров: “2017-жылы Атамбаевдин авторитардык режими кулап, Кыргызстан өзүнүн жаңы жолун табат. Ал 6 жылда өз заманын кура алган жок, баягы эле ав­торитаризм, коррупция”

Бөлүшүү:

-Азимбек Анаркулович, 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы төңкөрүштү ким жасаган?

-Кыргыз эли жасаган.

-Анда демөөрчүлөр кимдер болгон?

-Революцияда демөөөрчү, импорт деген болбойт. Революцияны көрбөгөндөр Америка же Россия жасады, импорттоду деп айта беришет. Революцияны карапайым эл жасайт. Ага бийлик өзү түрткү болуп, элди аргасыз көчөгө чыгууга мажбур кылат.

Мухтар Аблязов “2005-жылдагы революцияны мен каржылагам” -деп бүт дүйнө жүзүнө жар салып жатпайбы?

-Аблязов, Батыровго окшогондор сүйлөй берет да. Бизде күчтүү, стабилдүү тышкы саясат жок. Күчтүү идеология жүр-гүзгөн тышкы саясат болбогондон кийин жыгачтын жумшагын курт жейт дегендей оозуна алы жетпегендер ар түрдүү сөздөрдү сүйлөй берет. Ага биздин президент дагы мүмкүнчүлүк берип жатат. Революциянын, тарыхтын баатырлары көбөйүп кетти. Элдик революцияны мамлекеттик идеологияга айлантыш керек болчу. Ошонун максаттарын ишке ашырып, окуу тармагына киргизип “муну эл жасаган, кыргыз революциясы” -деп көтөргөндүн ордуна революцияны мен же биздин партия жа­саган, бул жасаган, тиги жасаган” деген­дер көп болуп жатат. Ошонун кесепетинен Кыргызстандагы революцияны көрө албаган айланабызда мамлекеттер абдан көп. Алар биздеги революция ошол жакка экспорттолуп кетеби деп коркушат. Казакстан, Өзбекстан, Россия дагы коркот. Ошондуктан биздеги революцияны, жаңыланууну тескери жагынан көрсөтөм деген аракеттер бар. Экинчиден, биздин эки качкын президентти унутпайлы. Экөөнүн тең рево­люция кылам деген ойлору бар. Алар жөн жаткан жок, колунан келишинче айрым партияларды каржылап, саясатчыларды өзүнө тартып атышат. Ошондуктан сырткы идеологияны жүргүзүп, революцияны, элдин жеңишин даңазалап, окутуп жакшы жагын көрсөтүп элдин максатын ишке ашырыш керек эле. Тилекке каршы бизде алты жылдан бери эч бир максат ишке ашкан жок. Аблязовдор ушуну көрүп туруп кантип оюна келген нерсени айтпасын. Революциянын өзүнүн баасы болот. Митинг өткөрөт, гезит чыгарат, бир топ акча кетет. Андай каражатты өзүбүз эле чогултканбыз. 2005-жылы 22-мартта штаб башчылыгын Акылбек Жапаровго өткөрүп бердим. Биз менен ошол убакта санаалаш болуп митингдерди уюштуруп жүргөн Отунбаева, Равшан Жээнбеков акча берип, баарыбыз ортодон топтогонбуз. Элдин күнүмдүк ичкен суусуна, нанына акча берип револю­цияны сактап калалы деген ойлор болгон. Бирок ал абдан чон, акча деле эмес болчу. Элдин курсагын тойгузганга жана гезит чыгарганга революциянын башчылары каражат топтогон. 2005-жылы көпчүлүк каржыны Бакиев көтөрсө, 2010-жылы көпчүлүк каржыны Атамбаев чыгарган. 2005-жылы 4-мартта Ошто, Жалал-Абадда элдик бий­лик орноп, боз үй тигип олтурушту. Аларга нан-суу берип туруш керек да жок дегенде.

-Демек Аблязов жалган айтып жатабы?

-Мен интернеттен анын айткандарын окудум. “Сен олигарх болсон, өз элиңе эмне жардам бердиң?” деген суроолор журналисттер тарабынан болсо керек. Анан ал “Орто Азияда авторитаризмге каршы кыргыздар чыкты эле, мен дагы салым коштум”- деп айтып койгон чыгаар. Эгерде ал чындап эле Кыргызстанда өзгөрүүгө, авторитаризмге каршы күрөшкө жардам берген болсо кимдерге канча акча бергенин аягына чейин айтып койсо болмок. Бизде мошенниктер көп. Аблязовго барса барып, алса акча алган чыгаар. Революциядагы жеңиштен кийин акча берчүлөр көбөйүп кетет. 2010-жылда Россиянын бир топ адамдары жүрдү, 2005-жылы Казакстандан Данияр Усөнов, Пак дегендер келишкен. Революция түзгөн жокпуз демиш болуп Максимдин колтугунда жүрбөдүбү. Мүмкүн ошолор алып келгендир. Бизди мындай башаламан ойго жетелебей акчаны кимге берге­нин Аблязов айтып койсо жакшы болмок. Революцияда элдин арасында жүрүп, ким­ге кандай каражат кетээрин билген киши катары так, ачык айта алам. Бизге 2005- жылы дагы, 2010-жылы дагы сырттан эч кандай акча каражаты келген эмес.

-2005-жылы сиз, Атамбаев, Отунбаева сыяктуу адамдар оппозицияда жүргөнсүздөр. Аблязов менен жок дегенде жеке тааныштык бар беле?

-Аблязов ага чейин эле түрмөгө жатып калган. Мен билгенден ал 2004-жылы эле түрмөгө олтургузулган. Анан кайдан биз менен байланышат. Ушул күнгө чейин Аблязов менен байланышыбыз жок.

-Азыр Мухтар Аблязовду Франция бийлиги Россияга бербей жатат. Берсе эле Россия Казакстанга өткөрүп берип коёт, алар өлтүрүп салат деген маалымат чыгууда?

-Россияга өткөрүлүп бериле турган болсо, орустар сөзсүз түрдө казактарга өткөрүп беришет. Себеби, Россия менен Казакстандын ортосунда атайын кылмышкерлерди бири-бирине өткөрүп берүү жөнүндө келишим бар. ОДКБнын мүчөсү, дегендей.

-Кыргызстан менен Россиянын орто­сунда андай келишимдер деле бар. Эмнеге алар биздин качкын президентти өткөрүп бербей жатат?

-Мен ушунун айынан Атамбаевди эмне үчүн качкын президенттерди сурабайсыңар деп сындап келе жатам. Алар бизден качып кеткен президент­терди калкалап, биздеги революцияны каралоого кызыктар. Мен революциянын мыйзамдарын абдан көп окудум. Изилдеп көрдүм дегендей. Биздеги эки револю­ция тең уникалдуу. Накта элдик экенин биздин төңкөрүштөр тастыктайт. Биринчи күнү ак үйдү алат, эки күн коргоп, кийинки күнү жаңы бийликке өткөрүп берип элдер кетип калат. Мындай көрүнүш дүйнөдө жок. Мисалы, Украинада башка улуттагылар, башка өлкөлөрдөн келип губернатор, министр болушту. Себеби биз силердин революцияны каржыладык, эми биздин адамдар келип олтурсун деп айтышкан. Бизде андай болгон жок.

-Аблязов Кыргызстанды постсоветтик өлкөлөрдө демократия болсо, Казакс­танга үлгү болсо деген максат менен каржылаганын айтыптыр.

-Мен Аблязовдун ал аруу тилегин колдойм. Мурдагы советтер союзундагы мамлекеттер өз алдынча демократиялуу, укуктук мамлекет курсак кана. Кыргыздар керек болсо ошол авторитаризмге каршы көкүрөгүн тосуп, жүздөй адамыбыз өлбөдүбү. Акаевдин бийлигине каршы болуп аксылыктар окко учкан. Ошолорду колдогон Аблязовго ырахмат. Бирок акчаны кимге берди? Эгерде Данияр Усөновго берген болсо кайра тескерисинче рево­люцияга каршы иштеди да. Данияр Усөнов 24-мартта түштөн кийин Кыргызстанда пайда болгон. 6 күндөн кийин эле мен доллар менен Бакиевди, революцияны колдойм деп штабка олтуруп шайлоого барды. Жыйынтыгында бир жылга жетпей революция жасагандардын баарын сүрүп чыкты дагы Данияр Усөнов менен Максимдер бийликте олтуруп калды. Эгер Данияр Усөнов аркылуу акча берсе ал ре­волюцияга каршы иштеди

-Жакында жарык көргөн китебиңиз боюнча көп маселелер чыгып жатат. Атам-баевдин окуялары боюнча сизди суракка чакырып, коркутуулар болуп жатабы?

-Мен мындай болоорун билгем. Ошондуктан жаздым, андан барк албасымды, душман күтөөрүмдү билгем. Бирок ай­рым сайттар, гезиттер чагымчылдык кылып, сүйлөмдөрдү толук берей, өздөрүнө ылайыктап ар кандай кылып жарыялашып жа­тат. Силердин гезит аркылуу айтып коёюн. Ушундай чагымчылдыкты токтоткула. Кыр­гызстан кыргыздарга гана керек. Ал жерде фактылар бар. Бирок жаман көргөн адамыңардан же душманыңардан менин китебим менен өч алганыңарды токтоткула.

-Сөз кайсыл сайт, гезиттер аркылуу болуп жатат?

-Аны тизмектеп олтурбайын, алардын абийирине койдум. Өзүңөр деле сезип жаткан чыгаарсыңар. Андай жамандыктан эч ким пайда таппайт, анткени китеп башкалардын колунда деле турат. Мисалы Атамбаевдин мас болуп калды деген жерин айталы. Атамбаевди мен ушул күнгө чейин ууланган деп жүрөм. Мен китепте мас болуп жатып калды дегеним жок. Анын денелерин көргөм, тырмагынан көкүрөгүнө чейин каканактап жарылып кеткен. Кандайдыр бир нерсе менен ууланган деп айтып жүрөм. Мунун баарын ушундай бурмалангандын кимге кереги бар эле? Атам­баев кетээрдин алдында баары анын айланасынан кетип жатат.

-2005-жылдагы төңкөрүштү Бакиев, 2010-жылдагы революцияны Атамбаев каржылаган деп жатасыздар. Элди сатып алуу жолу менен чыгаргансыздарбы ошондо?

-Жок андай эмес. Эл ачка турбасын деп жок дегенде колдоруна бирден нан, суу беришибиз керек эле. Идеялык жактан курсагын тойгузуш үчүн гезит чыгарып атайын плакаттарды чыгаруу зарыл болчу. Ушулардын баары чоң каражатты талап кылбаса дагы кандайдыр бир суммадагы акчаны талап кылат. Ар кимибиз ортого акча таштаганыбыз чын. Эгерде сырттан бирөө акча берип революция кылдырып коёлу десе Аблязовдон күчтүү миллионерлер дүйнө жүзүнүн ызы-чуусун чыгарып ээлеп албайт беле? Америка менен Россия деле акча берип каалаган адамын койдуруп албайт беле? Эл качан бул бийлик болбой калды деп туруп калганда гана ре­волюция болот. Бул деген революциянын айныгыс мыйзамы.

-Эмнеге анда Акаев деле азыркы Атамбаев деле Россиянын көзүн карашат?

-160 жылдан бери Россиянын карамагында жашаганбыз. Элибиздин көбү кыргыз эмес киргиз. ММК аянтында орустар күчтүү, себеби аларды каржылашат. Россия мурдагы колониялык өлкө. Ал бизге окшогон мамлекеттерди колтугунан чыгаргысы келбейт. Путин колунан келишинче мурда­гы СССРди кайра калыбына келтирем деп аракет кылып жатат. Бирок бизге окшогон мамлекеттер Россиядагы колониялык сезимден арылып, өзүбүзчө эл катары, эгемен мамлекет катары аракет кылышыбыз керек. 25 жылдан бери постсоветтик өлкөлөр ошого аракет кылып жатат. Тилекке каршы Атамбаев элден сурабай туруп кайра бажы биримдигине кирди. Каримовдун же Рахмондун акылы жокпу? Алар баш тартышты го. Улуттук идеология, саясат деген ушул. Атамбаев элден сурабай туруп өзү билип туруп бажы биримдигине кирип, азыр бизди Россия башкарып атат. Күндөн күнгө баарына аралашып келе жатат. Мурдагыдай башка чоң мамлекет­тер менен эркин соода кылуу азыр чектелип калды. Атамбаев ушуну ойлонбой чон ката кетирди.

-2017-жыл Кыргызстан үчүн кандай жылдардан болушу мүмкүн?

-1917-жылы кыргыздарды геноцидден сактап калган революция болгон. Коммунисттер башында турган революциячыл инсандар кыргыздарды билим алууга, билимдүү болгонго жол ачкан. Кыргызстанда 2017-жылы кайра жаңылануунун жылы болот деп үмүт кылып турам. Мен жана пикирлештерим 1990-жылы мамлекет жашоосун биринчи барактан баштаса биз да иштерибизди ошондой жаңы барактан баштайбыз. Себеби 11 жолу реформа өткөрүп Конституцияны өткөргөнүбүз менен 1990-жылдары жаңы эгемендүүлүк алгандагыдай абалдабыз. Жолубузду 25 жылда таба алган жокпуз. Баягы эле коррупция, баягы эле адамдар 25 жылдан бери келе жатат. 2017-жылы Атамбаевдин авторитардык режими кулап, Кыргызстан өзүнүн жаңы жолун табат. Жаңыдан кайра жаралуу жолун табабыз. Ошондуктан менин пикирлештерим 2017-жылдын башында улуттук деңгээлде чоң курултай өткөрүү менен жаңы идеяга биригип, Кыргызстандын элине ушул жол менен кетели деген сунушту бергени жатабыз.

-Атамбаевдин бийлиги өзү эле кетет деген турасызбы?

-Атамбаевдин эки сөзүнүн бири эле кетем менен өтүп атат. Ал кызматтан кетиши керек, анткени алты жылда ал өз заманын кура алган жок. Баягы эле ав­торитаризм, баягы эле коррупцияланган бийлик ордунда турат. Азыр анын айланасындагылардын баары кемеден качкан келемиштей болуп кача башташты. Август айында Текебаев биринчилерден болуп Атамбаевдин бийлик кемесинен кетти, артынан “Чокчолой баатырлардын” баары кете баштады. Бүгүн Атамбаевдин айланасында эч ким калган жок. СДПКнын ичинде идеялык жактан Атамбаевди коргоюн деген эч ким калбайт. Атамбаевдин бийлиги Кудай буйруса тынчтык жолу менен кетет. Эгерде Конституцияга өзүн сактай турган берене киргизсе 5-революция болот эле.

Андай берене кирген жок демек тынч эле кетет. 2017-жылы бийлик алмашуу болот. Ошол бийлик алмашууда реваншисттер Акаев менен Бакиевдин күчтөрү айланып келип бийликти кайра алуу аракеттери болсо анда шайлоодон кийин жаңы жаралып жаткан бийликке зыян болуп калышы мүмкүн.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: