Menu

Атамбаев ЕАЭБ жана ЖККУ жыйындарына катышуу үчүн Санкт-Петербургга учуп кетти

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапар менен Санкт-Петербургга кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн өлкө башчыларынын жыйынына катышат.

ЕАЭБдин жыйынын жүрүшүндө биримдиктин түзүлгөндөн бери жыйынтыгын чыгарып, болочоктогу аракеттерди ортого салышат.

ЕАЭБдин Бажы кодекси тууралуу келишимге кол коюлары күтүлүүдө.

ЖККУ жыйынында ага мүчө мамлекеттердин башчылары террордук жана экстремисттик коркунучтарга, маңзат жана курал аткезчилигине каршы биргелешип күрөшүү маселесин талкуулашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: