Орусияда бүгүн Сочидеги аба кырсыгынын курмандыктарына жалпы улуттук аза күтүү күнү. Жекшембиде Сирияга учуп бара жаткан Ту-154 аскерий учагы деңизге кулап түшкөн.
Анын ичиндеги 92 адамдын баары курман болгонун орус бийлиги маалымдады. Арасында онго чукул журналист жана Александров атындагы ансамблдин 68 артисти, “Акыйкат жардам” фондунун жетекчиси Елизавета Глинка да бар болчу.
“Россия 24” телеканалы кыйроого түрткү берди деген төрт версия каралып жатканын кабарлады. Алар – техникалык мүчүлүштүк, экипаждын катачылыгы, начар күйүүчү май жана терракт.
Кырсыктын чоо-жайын иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, транспорт министри Максим Соколов терракт деп айтуу азырынча эрте экенин билдирди. Анын айтымында, дүйшөмбүдөн тарта Кара деңизде акустикалык локатор иштеп баштайт. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча издөө иштерине миңден ашык аскер кызматкери тартылат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ