Бүгүн кечинде Эркиндик бульварында сейилдеп жүргөн бирөөлөр бир анча белгилүү эмес чакан француз кафесине оппозиция өкүлдөрү Өмүрбек Суваналиев, Өмүрбек Текебаев, Бегалы Наргозуев жана Равшан Жээнбековдор кирип кетишкендерин байкап калышат.
Алардын эле артынан эки жагын элеңдеп каранып экс-депутат Рустам Маманов да кирип кетет. Саясатта “Жириновский” деген каймана аты бар Мамановдун мурду бир балээни жакшы сезчү эле, анын оппозицияга аралаша баштаганына караганда жакында бир өзгөрүүлөр болот окшоп калды. Болбосо Рустам Маманов оппозицияга жакын жоломок эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ