Menu

Депутат Аида Саляновага каршы Генпрокуратура кылмыш ишин козгоду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-декабрда КР Жогорку Кеңешинин депутаты, экс-генпрокурор Аида Саляновага каршы КР Генпрокурору Кылмыш-жаза кодексинин 304-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралу генпрокуратуранын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Кылмыш ишин иликтөө Генпрокуратуранын тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Аида Салянова 2010-жылы 28-июнда КР Адилет министри кызматын аркалап туруп ошол кезде издөөдө болгон Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп айыпталууда. Алексей Елисеев Максим Бакиевдин оң колу катары эсептелип жүргөн.

Ал эми Аида Салянова бул айыптоолордун баарын четке кагып, ал чечим кабыл алып жатканда Елисеев издөөдө деген маалымат жок болучу жана мен баарын мыйзамдуу жасагам деп билдирүүдө.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: