Түркияда диний ишмер Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар делинип акыркы бир жумада 1700дөй адам кармалды. Алардын ичинен 1100 адамды тергөө иштери күтүп турат, калгандары азырынча убактылуу кармалышты. Мындай билдирүүнү Түркиянын ИИМи таркатты.
Өткөн аптада Анкарадагы сүрөт көргөзмөдө Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов өлтүрүлгөн. Кол салууну быйыл жайда Түркиядагы төңкөрүш аракетин иликтөөнүн алкагында иштен боштулган, мурдагы полициячы Мевлүт Алтынташ уюштурган. Президент Режеп Эрдоган элчини өлтүрүүнүн артында Гүлен жетектеген FETO уюму турарын билдирген. Бирок оппозициячы муну четке кагууда.
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети быйыл 16-июлга караган түнү болгон. Бул ишти иликтөөнүн натыйжасында Анкарада он миңдеген жаран кармалган. Бийликтин пикиринде, козголоңду АКШда жашаган Фетхуллах Гүлен уюштурган. Түркия бир нече жолу Вашингтонго кайрылып, диний ишмерди кайтарып берүүгө чакырган. Гүлен эгер күнөөсү көз карандысыз сот тарабынан далилденсе, өлкөсүнө кайрылып келүүгө убада берген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ