Menu

Киссинджер Орусия менен АКШ ортосунда ортомчу болот

Бөлүшүү:

Дональд Трамптын инаугурациясынан кийин АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинджер Орусия менен Кошмо штаттардын ортосунда ортомчу болот. Bild немис гезитинин европалык атайын кызматтарга шилтеме кылып билдирген маалыматына караганда, Киссинджер Москва менен алакаларды жакшыртуу боюнча жаңы администрацияга план иштеп чыгат.

Макалада мурдагы мамкатчы Кытайдын күчтөнүп баратышынын фонунда Кремль менен диалог жүргүзүүнү туура кадам деп эсептей тургандыгы жазылган. Басылманын маалыматы боюнча Киссинджер Орусиянын мурдагы советтик республикалардагы үстөмдүгүн моюнга алууну сунуштап, Трамп Москвага каршы киргизилген санкцияларды алууга жетиши керектигин билдирген.

Учурда АКШ Сенатында Орусияга каршы санкцияларды алууну оорлото турган мыйзам долбоору каралууда. Ага ылайык, аннексияланган Крым Украинанын курамына киргенде же эл аралык коомчулук менен Киев тарабынан жарым арал боюнча башкача чечим кабыл алынган учурда гана чектөө чаралары алынышы мүмкүн. Санкциялар жөнүндөгү мыйзамдын учурдагы версиясы боюнча чектөөлөрдү президент алып кое алат.

Киссинджер америкалык дипломатияны 1973-жылдан 1977-жылга чейин башкарып, АКШ менен СССР ортосундагы «ачык саясаттын» демилгечиси болгон. 1973-жылы ага Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: