Menu

Казакстанда Путинди сындаган ишкер үч жылга соттолду

Бөлүшүү:

Казакстанда Фейсбукта Орусия президенти Владимир Путинди сындаган ишкер Санат Досов үч жылга соттолду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Актөбө соту Досовду социалдык кастыкты козуткан деген айып менен соттоду. Кылмыш ишинин козголушуна ишкердин Владимир Путин тууралуу соцтүйүндөгү билдирүүлөрү себеп болгон.
“Актөбө Таймс” сайты жазгандай, өз билдирүүлөрүндө Досов Путин «өлкөнү кыйратып» жаткандыгын белгилеп, орусиялыктарды «өз жериндеги фашизмди» токтотууга үндөгөн.
Ишкердин жактоочусу өкүм боюнча жогорку баскычтагы сотко даттануу ниетин билдирди. Ал укук коргоочу Евгений Жовтистин айткандарына шилтеме кылуу менен айыпталуучунун аракетинде кылмыштын курамы жок экенин айтууда.
Санат Досов күнөөсүн моюнуна алып, өкүнүчүн билдирди. Ал алты баласы бар экенин, алардын төртөө эрезеге жете электигин айтып, соттон аны эркинен ажыратпоону өтүндү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: