Menu

Москвада сот 2014-жылдагы Украинадагы Майданды мамлекеттик төңкөрүш деп тааныды

Бөлүшүү:

Москвада сот Жогорку Раданын мурдагы депутаты Владимир Олейниктин доо арызын карап, Украинада 2014-жылы февралда болгон окуяларды мамлекеттик төңкөрүш деп тааныды. Интерфакс кабарлагандай, соттун аныктамасында бул жагдай далилдер менен бекемделгени айтылган.

Олейник Украина президенти Виктор Янукович парламенттин мыйзамсыз токтомунун негизинде, Конституция одоно бузулуп кызматтан четтетилген деген пикирде. Демек, мамлекет башчыны кызматтан кетирүү жана 2014-жылы 25-майда мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү мыйзамсыз болгон деп эсептейт Олейник.

Соттун аныктамасында Майдан батыш өлкөлөрүнүн бир тараптуу колдоосунун негизинде ишке ашканы белгиленген. Бул массалык башаламандыктарга алып келип, административдик имараттар басылып алынып, укук коргоо органдарынын кызматкерлери өлтүрүлүп, Конституцияны бузуу менен Виктор Янукович президенттик кызматтан бошотулганы жазылган.

Орусиянын расмийлери 2014-жылы Украинада болгон окуядарды буга чейин эле “төңкөрүш” катары аташкан. Ошол эле маалда Москва мөөнөтсүз өткөн президенттик шайлоону жана Петр Порошенконун жеңишин тааныган.

Батыш өлкөлөрү Виктор Янукович Киевден чыгып кетип, өз каалоосу менен президенттиктен четтегенин айтып, 2014-жылы февралда болгон окуяларды төңкөрүш деп эсептебейт.

Олейниктин доо арызын кароо 15-декабрда башталган. Жыйында Виктор Янукович күбө катары өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: