Menu

Качкын Булатов: “2016-жыл саясый куугунтуктун жылы болду, Атамбаевди бийликке алып келип, “мүйүздүү болобуз деп кулагыбыздан ажырадык”

Бөлүшүү:

Жыл башынан бери Алмаз Атамбаев ири каталыктарды кетирди. Өзү тапкан Камбар-Ата ГЭСин курабыз деген инвестору ууру инвестор болуп чыкты, дагы жакшы коомчулук билип калбаганда, мамлекетке бир далай зыян келтирип коймок экен. Ошондуктан ал уурулукту иликтеген депутаттык комиссияны жетектеген А. Шыкмаматов азыр Атамбаев тараптан куугунтука кабылды.

Атамбаев бийлигине таянып, саясый куугунтукту өнөр кылып алды. Ким чындыкты айтса эле, дежур гезиттерде, мамлекеттик эфирде жамандап, УКМКын жетекчиси кошулуп, жалган кылмышты токуй коёт. Чындыгында жаратман жетекчи мындайга бармак эмес. Жөн жеринен оппозициялык саясатчылар Кубан Кадыров, Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков, Бектур Асановду жана башка саясый лидерлерди, бийлигимди күч менен басып алууга даярдык көрүп жатышат деп камакка алганы мыйзамдын чегинен чыкканы эмеспи.

Азыр бийлик күч органдарын пайдаланып, оппозициядан өч алып, коркутуп турган убагы. Бир убакта ушул эле саясатчылар Атамбаевди колдоп тактыга алып келишкендер. Эгерде Атамбаев президент катары ишти мыйзамдуу, жаратмандык менен алып барса анда колдоо эле тапмак. Акыркы убакта өзүнүн чабалдыгы, сөздү дагы ылгап сүйлөбөй, үстөккө-бөстөк коррупцияга аралашкан фактылар ачыкка чыга баштадыбы. Мындай оор каталыктарга караганда, келерки жылы наразычылыктын жылы болору бышык.

Атамбаевдин өлкөнү башкаруусунда баш аламандык орун алганын ЖМКларда ачык эле көп айтылып жазыла баштады. Айласы кеткен бийлик сөз эркиндигин муунта баштап, журналистерди кугунтукка алып мыйзамсыз сот жобуна тарттырып, керек болсо күч колдонуп өлтүрүүгө аракет кылганга чейин барып жаткан фактылар жок эмес. «Деньги и власть» гезитинин редактору Турат Акимовго бийликтин атайын киллери, «өлтүргүчү» кол салып өлтүрүүгө аракет кылып, денесине оор жаракат келтирди.  Турат Акимов өлүп барып АЛЛАнын амири менен аман калды. Бир далай эркин журналистер кордук, кыйноону көрүп келүүдө. Ал эми журналист Дайырбек Орунбеков 3 жылдан бери соттон башы чыкпай келет. Журналист Кенжебек Жумабаевди коомдук ишке активду катышып, оппозициялык саясатчыларды колдогон үчүн жалган кылмыш токуп, 8 жылга кесип жиберди.

Атамбаев акыркы мезгилде өзүнүн тегерегинде жүргөн белгилүү саясатчыларды конкурент болот дейби аларды жөн койбой куугунтукка ала баштады. Атамбаев эгемендик күнүнө карата куттуктоонун ордуна Отунбаева, Текебаевди жана оппозициялык саясатчыларды жамандап, майрамдык маанайды өч алуудан баштады. Албетте жакыр жашаган элге ушак майдай жагат эмеспи, бирок Атамбаевдин номери өтпөй калды, тез эле Текебаев анын уурулугун ачыкка чыгарып койду. Мактангандын дагы чеги бар да, акыркы күндө көз көрүнө калпты көп айтчу болуп алды. Мындай кадам президентке аброй алып келбейт.

Президенттин эн оор кылмышы, адам өлтүрүүгө уруксат бергени. Кытай – Кыргыз чек арасында куралы жок 11 уйгурду атып өлтүргөнү өкүнүчтүү. Бийлик Кытайдын чек арасын бузуп келгендер десе, башкалар алар баалуу таш издеп жүргөн жарандар болчу дешет. Куралы жок адамды ким атууга уруксат бергени оор кылмыш деп эсептейбиз. Батыш Европанын чек арасын миндеген качкындар бузуп жатат аларды эмне үчүн атышпайт, а биздин президент куралсыз жарандарды аттырып тыштады.

Түрмөдөн качкан 9 кылмышкерди кармоо учурунда бардыгын аттырып, кыйноого алып өлтүргөнү мыкаачылык кылмыш эмеспи. Ал эми укук коргочулардан кадимкидей өчү бардай, далилсиз жамандап элге жек көрүндү кылып келгени президенттин ишиби? Жалал-Абад областынан укук коргоочу Анарбай Орозовду жалган жеринен кылмыш ишин токуп, соту болсо буюртма кылмыш ишти карап жатат. Арыз элери биз арыз жазган эмесбиз, жазган арызда биздин кол эмес деп сот отурумунда айтып жатса дагы болбой, күч менен соттоп жатат, мындай баш аламанга ким жол берди? Шаардык прокуратура сот процессин күчкө салып алып барууда. Атамбаевдин бийлигинде Кыргызстан мыйзамдуу өлкөбү же бийликтин зомбулук өлкөсүбү? Анарбай Орозовду эми өлтүргөнгө аракет кылууда, Биздин тилегибиз, мыйзамдин чегинде аракетибиз таш каап, мыйзамдуу жол таба албай койдук. Шордуу укук коргоочу акыйкат издейм деп өз башына балээны үйүп алды, бийликтеги мафия менен кармашам деп эми туткунга кабылды.

Алмаз Шаршенович тегерегине кошоматчы, эки жүздүү дүжүрлөрдү чогултуп алды, өзүнүн чабалдыгына жараша баш мыйзамды өзгөрттү, андан эчтеке майнап чыкпайт. Баягы эле коррупция гүлдөй берет, анткени түз айткан адамга куугунтук уюштуруп жатсан, ким чындыкты айтат? Мындай кадам жакшылыкка алып келбейт, оппозицияны ого бетер курчутуп жатат, карама-каршылыкты өзүндүн жеке саясатың жаратып жатпайбы. Мурунку президенттердин катарына кошулдуң. Быйыл эле канча адамдын өмүрүн алды, права берүүдө пара алууну токтотпой автоунаа жолдор канга боёлду, Россиядан “жүк 200”  жылына жүздөп келгени өсүп жатат. Мамлекетти карызга батырып, жакырчылыктын санын көбөйттүң. Эмнени айталы, Атамбаевди бийликке алып келип, “мүйүздүү болобуз деп кулагыбыздан ажырадык”.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: