Menu

Өзбекстанда мамлекеттик орган жетекчилерине турак жай курулат

Бөлүшүү:

Өзбекстанда 2017-2018-жылдары акимчиликтин жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери үчүн кызматтык үй курулат. Жергиликтүү ММКлар кабарлашкандай, тиешелүү токтомго президент Шавкат Мирзиёев 22-декабрда кол койду. Бирок документ расмий түрдө жарыялана элек.

Документке ылайык, турак жай атайын долбоордун негизинде курулат. Каракалпакстан Министрлер кеңешинин жетекчилери жана облус акимдери, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү үчүн 0.06 гектар жер бөлүнөт. Алар үчүн бир кабаттуу беш бөлмөдөн турган үйлөр салынат. Шаардык жана райондук деңгээлдеги аткаминерлер үчүн 0,04 гектар жер бөлүнүп, эки кабаттуу төрт бөлмөдөн турган үйлөр курулат.

Болжолдуу эсептер боюнча бардыгы болуп 312 миллиард 400 миллион сум каражатка 1682 турак жай салынат.

Аткаруу бийлигинин башчылары үчүн турак жайлар жергиликтүү бюджеттин эсебинен тургузулат. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине мамлекеттик бюджеттен, ИИМ, Юстиция министрлиги, Салык инспекциясы, Бажы комитети жана Башкы прокуратуранын аймактык бөлүктөрү үчүн мекемелердин бюджеттен тышкаркы каражаттарынан акча бөлүнөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: