Menu

Алтынбек Сулайманов бизнесмен Рустам Маманов менен журналист Аслан Сартбаевди “суулады”

Бөлүшүү:

Кытайга таштанды темир сатып байыган Рустам Маманов деген бирөө бар, ошол журналист Аслан Сартбаевге “керек болсо Алтынбек Сулайманов менин шоопурум болуп иштеген” деп мактанат. Аны Сартбаев өзүнүн “Азия ньюс” деген гезитине жазып салат.

Муну Бишкектин “Тайм-Аут” кафесинде тамактанып олтуруп уккан Алтынбек Сулайманов дароо Рустам Мамановду жана Аслан Сартбаевди айрым-айрым телефон чалып, “чайга” чакырат. Чай ичкени келишкендер бири-бирин көрүшкөндө, анан Сулаймановдун “Кана ким кимге шоопур болгон экен?” деген сүрдүү суроосунан кийин суулачы жерин “суулашып” коюптур.

“Мен “Алтынбек бир-эки жолу машина менен үйүмө жеткирип барган” деп эле айткан болчум, Аслан болсо Алтынбек Сулайманов Мамановго шоопур болгон деп жазып салыптыр”,  дейт өңү бопбоз болуп кумсарган Рустам Маманов аны Алтынбек Сулайманов азыр өлтүрүп сала тургандай калтырап.

“Айткандарыңарды, жазганыңарды гезиттин кийинки санында жокко чыгаргыла…” деп Сулайманов аларды жолго салыптыр.  Чынында эле “Азия ньюс” гезитинин кийинки санында “Алтынбек Сулайманов Рустам Мамановдун шоопуру болгон эмес, Маманов менен журналист сүйлөшүп жатканда бири-бирин туура эмес түшүнүп калышыптыр” деп мурунку жазгандарын жокко чыгарышкан маалымат жарыяланды.

Эми Рустам Маманов ошол эле журналист Аслан Сартбаевге  “Алтынбек Сулайманов менден 500 миң доллар карыз алып төлөй албай жатат” деп мактанганы эл арасында күбүр-шыбыр болуп тарап жатат.

Алтынбек Сулайманов дагы бир жолу “Тайм-Аутка”  “чайга” чакырса Рустам Маманов  эмне деп актанат экен?  Же дагы суулачу жерин “суулап” , 500 миң долларга “косякка” түшүп кетеби?

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: