Menu

Маскаң канчоо, кошоматчылык боюнча “академик” Маманов?

Бөлүшүү:

Рустам Маманов деген бизнесмен бар. Ар кырдаалда ар түркүн маска кийип алат. Канча маскасы бар экенин санап бүтчүдөй эмеспиз. Бул адам үчүн акча эң башкы орунда тураары да анык. Анткени анда принцип деген нөлгө барабар. Кайсы бийлик келбесин этегине эрмешип, жагалданып бизнесин жасап келет. Кошоматчылык боюнча наам берилсе, эчак «академик» болмок. Кызыгы, Рустам мырза шайлоо жакындаса эле баш көтөрүп, кыргызга күйгөн киши болуп жатып калат. Маселен, өткөн шайлоо алдында чыга калып, кыргыз бийине сынак жарыялап, бирдиктүү мектеп формасын ишке ашырам деп чамынып жүргөн. Шайлоо кандай аяктады, Маманов кумга сиңген суудай жок болду. Тар чөйрөдө ашкере мактанчаактыгы айтылат. Бир эле мисал, «Алтынбек Сулайманов менин шоопурум болчу» деп мактанганын илибой киши укса керек. Мына ушул «суу жукпас» каарманыбыз бизнестин битин ар кандай жолдор менен сыгып келет. Дегенибиз Бакиев учурунда 300-500 сомго алып алган кен иштетүүчү лицензияларды миллиондогон долларга пулдап жатканы белгилүү болду. «Эбин тапкан эки ашайт» дегендей, мындай эргулдар эл ырыскысын бир эмес эки эселеп жеп, соодалап атканын качан токтотоор экен? Дегеле Мамановдун кен байлык туурасында ишмердүүлүгү кендердей эле казыла баштады. Бул боюнча кеңири материалдарды кийинки сандарыбызда жарыялайбыз…

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: