Menu

Алмаз Атамбаев “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялады

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев бүгүн, 5-январда, “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын тексти:

“Дүйнөлүк өнүгүү багыттары жана жаңы технологиялар Кыргыз Республикасында оң өзгөрүүлөр, мүмкүнчүлүктөр менен катар эле жаңы сыноолорду пайда кылды. Бул шартта өлкөнүн стратегиялык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн мамлекеттин жана коомдун бардык күч-аракетин адамга, анын адеп-ыйманына жана руханий дүйнөсүнө багыттоо зарыл.

2016-жылы өткөрүлгөн Тарых жана маданият жылы жалпы колдоого ээ болуп, элибиздин тарыхый жана маданий мурасынын түгөнгүс кудурет-күчүн ачып көрсөттү жана жаңы кыргыз коомун түзүүгө негиз болгудай пайдубал бар экенин ырастады.

Жарандарыбыздын өз өлкөсүнүн жана элинин тарыхына кызыгуусу өсүп, ата-бабалардын көөнөргүс маданияты менен мурасы жанданды. Байыркы жана бай тарыхы бар, Улуу Каганат курган эл экенибизди жүрөгүбүз менен сездик, жаңы дем, жаңы күч алдык, улуттук сыймыктануу сезими жаралды.

Кыргызстанда 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган иш-чаралар жогорку мамлекеттик жана эл аралык деӊгээлде белгиленди. Эркиндик үчүн курман болгондор алдында бир кылым бою элдин мойнунда оор жүк болуп келген ыйык парз аткарылды.

Жергебизде өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу Кыргызстандын эл аралык аброю артты. Элибиз биримдиги, маданияты менен салтына өзгөчө аяр мамилеси, жаңычылдыкка жана келечекке умтулуусу менен таанылды. Өлкөбүздүн көчмөндөр цивилизациясынын маданий-руханий ордосу болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

2016-жыл жаштарыбыздын эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктери менен дагы эсте калды. Улуттук маданиятыбызда ата-бабалар мурасын алдыңкы көз караштар жана технологиялар менен ширештирген жаңы көрүнүштөр жаралууда.

Өлкөбүздүн башкы байлыгы – анын жарандары. Учурда кыргыз элинин мезгил сыноосунан өткөн руханий жана адеп-ыймандык асыл-нарктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкаштырган ар тараптан жетик инсанды калыптандыруунун мааниси өстү.

Ушул максатта өзгөчө күч-аракет балдар менен жаштарга багытталууга тийиш. Калкыбыздын жарымынан көбүн 25 жашка чейинкилер түзөт, алар – Кыргыз Республикасынын негизги ресурсу, келечектеги бакыбаттыктын уюткусу.

Кыргызстан ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз, жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана, албетте, өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш.

Ошондуктан, азыркы шартта заманбап билим берүү, маданият жана маалымат саясатын калыптандыруу, өз тарыхыбыз менен маданиятыбызга таянуу аркылуу таалим-тарбия системасын түзүү мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын стратегиялык милдеттерин жүзөгө ашыруу, мамлекет менен коомдун күч-аракетин түздөн-түз адамга, анын руханий дүйнөсүнө, адеп-ыйманына жана маданиятына багыттоо максатында, ошондой эле коомчулуктун кайрылууларын эске алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасында 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

1) Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүү;

2) Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бир ай ичинде иштеп чыгуу, анда негизги багыттар катары төмөнкүлөр каралсын:

– Кыргызстан элинин руханий жана адеп-ыйман баалуулуктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкаштырган жаранды өстүрүүдө мамлекеттин жана коомдун күч-аракеттерин координациялоо;

– ар бир баланын таланты менен шык-жөндөмүн ачуунун жана өстүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, заманбап билим берүү, жаштар, демография, маданият жана дин саясатын калыптандыруу;

– жүрүм-турум жана укуктук маданияттын, өз ара урмат-сыйдын, көмөктөшүүнүн жана жарандык тилектештиктин өрнөктөрүн жайылтуу;

3) жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге Ыйман, адеп жана маданият жылынын идеяларын жайылтууну жана иш-чараларын натыйжалуу чагылдырууну камсыз кылуу.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: