АКШ президентинин администрациясы Кубадагы Гуантанамо түрмөсүндө камакта жаткан төрт адам Сауд Арабиясына которулушу мүмкүн экенин билдиришти. Мындай чара аталган түрмөдөгү камактагылардын санын азайтууга багытталган сыяктуу.
Обаманын администрациясы жаңы шайланган президент Дональд Трамптын Гуантанамо түрмөсүн сактап калуу аракетин көңүлгө алган жок. Расмий кызмат адамдарынын билдирүүлөрүнө караганда, Трамптын 20-январдагы инаугурациясына чейин башка өлкөлөргө 19 адамды которуу каралган. Ага чейин Гуантанамо түрмөсүндө ондогон гана адам калары күтүлүүдө.
Ал ортодо Трамп аталган түрмөнү ачык кармап, аны «жаман балдарга» толтурууну убадалады. «Мындан ары Гуантанамодон эч кимди бошотуу керек эмес. Алар өтө коркунучтуу адамдар, алардын согуш талаасына кайтып баруусуна мүмкүндүк берилбеши керек», — деп жазды Трамп «Твиттерге».
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ