“Быйыл, өлкө президенттик шайлоо алдында турган учурда, айрым фракциялар кандай добуш берерин алдын ала айтуу кыйын. Акыркы Жогорку Кеңештин спикерин шайлоодо Бакыт Төрөбаев менен Канат Исаевдин күрөшүнө күбө болгонбуз. Акырында Чыныбай Турсунбеков спикер болуп шайланып калды”, – деп билдирди Бакыт Бакетаев.
“Дал ушундай абал Бишкек шаардык кеңеште да болушу ыктымал. Биз көрүп жаткандай, эки белгилүү саясатчы талапкерлигин Бишкек мэрлигине алып чыгышты. Менин оюмча, үчүнчү бирөө жеңип чыгат. Анткени биздин депутаттар, кандай гана фракциядан же партиядан болбосун, баары бир өздөрү билгендей добуш берүү мажоритардык укугунан пайдаланышат. Бишкек шаар мэрин шайлоодо 11-январда саясий абал кандай болоору дагы деле белгисиз жана тумандуу. Мага башка бир, үчүнчү талапкер даярдалып жаткандай сезилүүдө”, – деди Б.Бакетаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ