Menu

КР Президенти А. Атамбаевге профессор Каныбек Осмоналиевден Ачык кат

Бөлүшүү:

Урматтуу,  Президент Алмазбек Шаршенович!

Мен Сиздин атыңызга бул кайрылууну ачык кат түрүндө жазууну эп көрүп турам. Анткени, Сизге мыйзамдуу же салттуу жол менен кайрылуу, ка-был алууңузда болуу кийинки учурларда такыр мүмкүн болбой калды. Бал-ким,  кээ бир адамдарга эле ушундай кырдаал түзүлүп калгандыр? Айта ал-баймын! Айтор, билим берүү жана илим саясаты боюнча пайда болгон көй-гөй маселелерди чечүүнүн жолдорун Сизге жеткирүүгө болгон далаалатым  мына, бир жылдан бери кейиштүү түрдө ишке ашпай келет!

Менин Сизге кайрылуум өзүмдүн алтымышка чыккан өмүрүмдөгү жападан-жалгыз болуп келе жаткан кесибим – билим берүү жана илим иш-тери  жөнүндө болмокчу. Тагыраак айтканда ал экөөнүн коомубуздагы бү-гүнкү күндө түзүлгөн тагдыры жөнүндө. Ачык айтайын, абал оор жана өтө аянычтуу, коркунучтуу!  Башында дароо эле белгилеп кетейин: “Бул кырдаал 25 жылдан бери эле келе жатат”.  Бардыгыбыз күнөөлүбүз!  Билим берүү жана илим системаларын саясаттан  оолак кармай албай койдук. Ал экөө тең табияттарынан өз алдынча, эркин жашап-өнүгө турган фун-даменталдык түшүнүктөр. Эч кандай, “жылаңач саясат”  менен конъюнк-туралык коомдун туундулары  болуулары керек эмес! Бул дүйнөлүк тажы-рыйба. Билим берүү менен илимдин негизги кыймылдаткыч күчтөрү саналуу эле.  Алар: мектепте – окуучу менен мугалим; кесиптик окуу жайларда (башталгыч, орто жана жогорку) – студент менен окутуучу, ал эми илим системасында – чыныгы илим изилдөөчү. Калган субъекттер аларга кызмат кылышат.  Тилекке каршы, бизде жогорку түшүнүктөр орун алмашып калышкан.  Натыйжада, педагогдорубуз менен илимпоздорубуз демилгесиз, жалтайлама-жалакай болуп кетишти. Аван-гардка базарды жакшы өздөштүргөн, шылуун, эрте жетилип илимдин кан-дидаттары жана докторлору болушкан “азаматтар” чыгышты.  Билим берүү формалдуулукка айланып, илим изилдөөдө, халтура, плагиат жана жалган илим (“лженаука”) гүлдөп өсө баштады.  Акыйкаттык үчүн айтып коюушум керек.  Бул кырдаал, негизинен,  КМШ өлкөлөрүндө орун алып келет.  Ал эми Чыгыш Европа  жана  Прибалтика өлкөлөрү менен Грузиялар болсо  АКШ, Еврокошуун жана Түштүк-Чыгыш мамлекеттерин туурашып абалды оңдоп кетишти.

Мени кийинки учурларда Россия Федерациясы, Беларусь жана Казакстанда  билим берүү жана илим жаатында болуп жаткан ири өзгөрүүлөр кубантууда. Алар эки системанын тең укуктук-ченемдик базаларын заманбап кылып түзүштү. Сырттан таңууланган диверциялык сунуштарды дээрлик түрдө четке кагышты. Окутуунун жана илим изилдөөнүн сапаттарын кескин жогорулатып баратышат.  Андай ийгиликтерге саясий эрк менен жетише алышты! Мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон аракеттер болду. Сабаттуу улуттун  зарылчылыгын жана күчүн сезе билишти. Жал-маңдап жана жулунуп биртке акчасын көтөрүп алып келишкен чет элдик эмиссарлардын “каалоо-тилектерин” өз ордуларына коюп коюшту!

Айрыкча, Россияда  университеттерине  окуу-илим ишканалары ста-тустарын берүү кадамдары реалдуу түрдө ишке ашып, өз мөмөлөрүн тез эле бере баштады.  Мисалы,  Екатеринбург шаарындагы СССРден бери өз алдын-ча болуп келе жаткан атактуу делинген Урал университети менен Урал поли-техникалык  институттун органикалык биригүүсү Президент Владимир Путин менен премьер-министр Дмитрий Медведевдер тарабынан чоң чечкиндүү  кадам болду.  Натыйжада,  Уралда 45 миң студенттер билим ал-ган Билим берүү-илим Империясы пайда болду.  Профессордук-окутуу-чулук состав сапат жагынан өстү. Катуу конкуренция болуп, “окумуштуу болумуштар” иргелип сыртка чыга беришти. Аягында сапаттууу билим алуу-га ынтызаар болуп келген студент утту, жаш илимпозго ыңгайлуу шарт тү-зүлдү, ал эми Россия болсо күчтүү илимий-инженердик жана педагогикалык адистерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.Мындай прогрессивдүү саясат Рос-сиянын бардык аймактарына тарады. Россиянын жетекчилери бул ийгиликке мамлекеттин бардык интеллектуалдык ресурстарын, тааныш-тууганына кара-бай, саясий партиялык өнөктөштүктөрүн ылгабай мобилизациялап жетише алышты! Окумуштуулар менен педагогдорго мүнөздүү болгон кээ бир “ке-жирликтерине” чыдашты, колдошту. Билим берүү жана илим ресурстарын пайдаланып, байлыкка, наамга туйтунууну көздөгөн чиновниктерди катуу жазалашты.  РАНга бийлик зордугу менен  мүчө болуп кирип  алышкан чи-новниктерди ырайымсыз түрдө жумуштарынан кууп чыгышты.

Казакстан дагы көп ойлонбой  эле  ушул жолго түштү. Заманбап, Гуми-лёв жана Назарбаев атындагы университететтерди курууга жетишишти. Алар өз кезегинде жогорку билим алуу системасынын локомотивдери болушуп, башка университеттерди “мемиреп уктап жаткан абалынан” чыгара алышты.  Азыр Казакстанда кескин конкуренциялуу билим берүү иши дүркүрөп өсүп келе жатат. Чала сабат окутуучу менен чала жан ЖОЖдор сыртта калышты. Азыркы заман талабы ушундай. Катуу эрк жана кайрат керек. Жалган иллю-зиялар менен ойноо өтө коркунучтуу!

Мен мындай ой-жүгүртүүлөрдү  акыл-эсимин жай абалында, деним сак бойдон эле, өз ыктыярым менен, эч кандай саясий оюнсуз берип жатам. Өзү-мө көңүл бурдурайын деген деле оюм жок!  Тескерисинче, бизде кийинки учурлар үчүн мүнөздүү болуп калган мазактоолор, жамандоолор ж.б пенде-чилик адаттар мага жамгырдай жаарын сезип эле турам.  Көнүп деле калдым.  Билим берүү жана илим системасын кайтадан түзүү, оңдоо ишине оң таа-сирин бере турган ойлор , сындар болсо мен бардык азаптарга кайылмын! Кейиштүү абалдар менин оюмча Кыргызстандын  билим жана илим тармак-тарында төмөнкүдөй болуп калып калгандай:

  1. Бардык окуу мекемелери өзүлөрүнө аба менен суудай керек болгон академиялык эркиндиктен ажырап калышты!

Сунуш:  

а). Алар саясаттан оолактырылыштары керек. Бирок,  окуу стандарттары өкмөттүн мыйзамдуу көзөмөлдөрүндө болуусу зарыл. Окутууга укук берген мамлекеттик лицензияны Билим берүү министр-лиги колго алып, жооптуу болуусу абзел.  Ал эми аттестация жа-на/же аккредитация системасы көз карандысыз институттун гана элегинен өтүүсү максатка ылайыктуу.  Тиешелеш мыйзам 2013 жылы эле кабыл алынып, күчүнө кирген. Улам-улам мыйзамсыз жылдырылып келүүдө. Министрлердин мыйзамды бузуп жургөн жоопкерчиликтери кайда?

б).  Окуу стандарттарынын талаптары, анын ичинен улуттук компоненталар, менчиктин бардык түрлөрү үчүн ыйык сакталуусу милдеттүү. Аларды бузуу мамлекеттик мыйзамдарды бузуу катары бааланып, катуу жазалар мыйзам чегинде колдонуулары зарыл. Окуу стандарттары – мамалекеттик стратегиялык документ экендиги жөнүндөгү түшүнүк ар бир катышуучунун мээсинде кыттай куюлуп калуусу керек!

в). Мамлекеттик жана расмий тилдин бардык мектептер үчүн бирдей берилүүсү өтө зарыл.  Бул жакшы адатыбыз эч кандай саясий ж.б. оюндарга кириптер болбоолору керек. Үчүнчү тил катары англис тилинин  гана берилүүсү максатка ылайыктуу. Анткени, кээ бир “азамат” мектеп жана ЖОЖ жетекчилери тааныш адамдарына саат берүү үчүн башка тилдерди (айрыкча мектептерде) таңуулап келишүүдө.  Бул – ээнбаштык! Дүйнө элдери, анын ичинде, немец, фран-цуз, испан,  кытай, япон, кореец ж.б улуттар экинчи тил катары ан-глис тилин гана окушат, эркин жазышат.  Төгөрөктүн төрт бурчунан жумуш таап иштеп жүрүшөт. Англис тили дүйнөлүк зарыл тил болуп калды.  Балдарыбызды түрдүү тилдер менен башаламан кыйнабайлы! Полигилот болгусу келгендер үчүн бүгүн түрдүү коммуникациялар же-тиштүү. Бул талап мамлекеттин милдеттүү саясаты болуусу зарыл.

  1. Билим берүү системасын Кыргызстан акыркы жылдары өзүнүн бюджеттик каражатынан колунан келишинче каржылап келе жатат. Жылына 20-25 млрд сомдор! Бул эң сонун жетишкен-диктерибиз! Бирок, ал акчалар эмне үчүн эффективдүү иштебейт? Анын ички коротуу структурасы кандай?

Сунуш:

Каржы министри менен Билим берүү министринин биргелешкен ачык саясаты коомчулукка жарыя кылынышы зарыл.  Болбосо бүдө-мүк пикирлер болуп келүүдө! Ушундай эле саясат чет жактан келген каражаттар (кредиттер, гранттар ж.б.)  жөнүндө дагы билдири-лүүсү абзел. Элде ишенич пайда болуп, ачык көзөмөл орун алат. Иш алга жылат!

3.Чет мамлекеттен таңууланган бизге жараксыз, билим берүү программалары көбөйдү. Аны жылуу жерде олтуруп алып, көчүрүп жа-зып, өз чөнтөгү үчүн гана иштеген зыянкеч чиновниктердин армиясы пайда болду.  Кыргызстандын  менталитети эске алынбай келет. Өмү-рүндө мектепте же кесиптик окуу жайларда иштебеген “мите-адистер” министрликтин башчыларын адаштырышып, өз кызыкчылыктарынын жана чет элдик миссионер-кожоюндарынын саясаттарын жүргүзүп ке-лишет. Андай “адистер” министрликте көп жылдар бою “эмгектени-шүүдө”. Баштары чет мамлекеттерге болгон саякатчыл иш сапарлары-нан чыкпайт. Кыргызстандын мектептери менен иштери жок. Аттары белгилүү!  Тилекке каршы, Билим берүү Академиясынын пайдасы бол-боду, же тиги “азаматтар” иштетпей жатышат.

          Сунуш:  

Катуу саясий эрк менен жогорудагыдай зынкеч “ишмерлерден” Билим берүү системасын тазалоо зарыл.  Ачык жана таза конкурстук тандоо жолдору менен адистерди иргеп алуу гана ишти алга жылдырат. Билим берүү системасында бир күн иштебеген “азамат-каръеристтерден” чеч-киндүү түрдө кутулуу керек. Билим берүү Академиясын реалдуу шартта колдоо максатка ылайык. Аларды  окуу китептерин  массалык жазып олту-руу жана аларды системага таңуулоо “ооруларынан” арылтуу керек. Оку-туунун  мазмуну жана усулдугу менен алектендирүү иштерин Министр ка-туу талап кылуусу зарыл. Окуу китебин чиновник менен “жылуу кабинет-те”жашаган усулчу сөрөй жазбаш керек.  Ал практик мугалим жана реал-дуу илим менен алектенип жүргөн окмуштуулардын иши!

  1. Орто жана жогорку кесиптик окуу жайларын оптимизациялоо иштери Сиз койгон талаптарга ылайык эч кандай аткарылган жок! Тес-керисинче, бир нече эле окуу жайларынын лицензиясын тартып алы-шып, кайрадан башкаларга эбегейсиз сандагы окуу лицензияларын бе-рип салышты. Мисалы, 2011-2014 жж. Евроазиялык деп аталган уни-верситетке 100гө жакын лицензия берилген. Эл көрүп турат. Бул эмне? Мыйзамды тоготпогондукпу же көпкөндүкпү?  Менимче бул – чоң кор-рупциялык кылмыш!  Мындай көрүнүштөр дагы эле уланып келүүдө!

Сунуш:

Бардык кесиптик окуу жайларга мамлекеттик үлгүдөгү дипломдор-ду бере берүүчү зыянкеч жана коррупциялуу практиканы токтотууга уба-кыт жетти. Андай укукту университеттер кандай жолдор менен алып кел-гендери жакшы белгилүү! Көрмөксөн эле болуп жүрүүдөбүз! Биринчи орунга жакында мыйзам менен бекитилген көз карандысыз аккредитация инсти-туту чыгуусу зарыл.  Анын жолун торогон башчылар коррупцияны жакта-гандар. Мына, 3 жылдан бери мыйзам аткарылбай келүүдө. Өзүңүз кол коюп бекиткен мыйзамды функционер-чиновниктер элге көз көрүнө наадандык менен аткарбай келе жатышат! Менин бул маселе боюнча көз карашым жана конкреттүү сунуштарым Сизге 2013 жылы жолукканымда эле өз  колуңузга берилген.

  1. Кыргызстандын илим потенциалы күчтүү! Анда эч кандай шек жок. Аны Улуттук Илимдер Академиясынан жана кээ бир университет-терден көрүүгө болот. Бирок, илим ийгиликтери айрым окумуштуулар-дын жекече салымдары менен эле чектелүүдө. Алар болгону жалпы илимпоздордун 3-4%ын эле түзүшөт. Андан калса, так ошолор колдоо таппай келишүүдө. Башкарууну  кээ бир өзүн “каймак сезгендер” (бар-дыгы эмес) ээлеп алышкан.  Бюджеттик ж.б. каржылар ошолордун кол-дорунда.  Бул зыянкечтик!  Ким бул сынды өзүнө алып, чычаласа атын айтып, коомчулукка пикирин билдирип, дебатка чыкса жакшы болоор эле! Илимий  даражалар менен наамдарды ыйгаруу ошол талапкерлер иштеген чөйрөдөн алыстап бара жатат. Илимдин докторлору деген түшүнүк Улуттук университет баш болгон жогорку окуу жайларында жек көрүп тилденүүчү (ругательный) түшүнүккө айланды. Дилетанттар менен интригандар демилгени колдоруна алып алышкан.  Алар акча жасоо менен эле алек!

Сунуш:

Университеттердин көпчүлүгүнөн  билим-берүү, илим-өндүрүш ком-плекси деген статусту талап кылып, аны түзүүгө жетишүүбүз керек. Муну бугүн Россия менен Казакстан ийгиликтүү ишке ашырып келишүүдө. Биздин билим берүү жана илим системасындагы дилетант жетекчилерибиз али ойлонуша дагы элек.  Аш-той, корпоратив, салтанаттар менен эле алекте-нип жүрүшөт. Илим менен алектенбеген ЖОЖ – бул бүгүнкү замандын сар-кындысы,жаштардын келечегине балта чапкан зыянкеч “ишканалар”! Улуттук Илимдер Академиясынын ар бир илимий кызматкери унивеси-теттердин профилдик кафедралары менен тыгыз байланышта болуп алар-дын кошумча штатында отурса жакшы болоор эле. Анткени, көптөгөн ка-федраларда азыр “өрдөк жокто чулдук бий” деген абал. Сабак берип коюу менен эле чектелишүүдө. Өмүрүндө бир илимий макала жазбаган окутуу-чулар жок эмес.  СССРдин “алтын доору” эчак эле бүткөн. Турмушка реал-дуу карайлы! Биздин кичинекей республикабызда ар бир окумуштуунун дара-мети бири-бирибизге белгилүү. Академиялык илим менен университеттер-дин максималдык жакындашуусу гана бул тармакты критикалык кесепет абалынан чыгара алат! Илимий даражаларды жана наамдарды “админс-трациялоо” ишин токтотуу зарыл.  Россия менен Казакстандын үлгүсү биз-ге ылайыктуу! Мен бул ойлорумду 2005 жылдан бери эле активдүү айтып, жазып келе жатам.

  1. Бүт дүйнө өлкөлөрү билим берүү-илим-инновация-интеллектуал-дык менчик деген тармактарды бир ведомствонун алкагында карашып, бирдиктүү саясат жүргүзүп келишет. Биз 2012 жылы “ жаңы ачылыш” жасап, илим менен инновацияны эки жакка бөлүп жибердик. Кээ бир “ишмерлердин” кызыкчылыктары эске алынды. Мына сага, мамлекет-тик мамиле! Жогорку төрт түшүнүктүн кыймылдаткыч күчтөрү чыгар-мачыл адамдар: мугалим, окмуштуу, ойлоп табуучулар. Алардын та-бияттары бирдей! Бүт дүйнө айнып калган эмес да. Бардык мамлекет-терде бирдиктүү “Илим жана инновация” мыйзамдары иштейт.

Сунуш:

 Илим, инновация жана интеллектуалдык менчик маселелерин бир ве-домствого бириктирип кароо маселеси чечилиш керек.  Ошондо гана бирдик-түү саясат жүрүп, натыйжасы реалдуу оң болот. Каржылоо иши мамле-кеттик-коомдук фонд аркылуу жүргүзүлүүсү абзел. Негизги критерий, өк-мөттүн буйрутмасы эске алынган, чыныгы эл чарбасына керектүү долбоор-лор аркылуу ишке ашырылышы керек. 2014 жылы Жогорку Кеңеште чырыл-дап жүрүп ошондой илим жана инновация фондун түзүүнү атайын токтом менен өкмөттү милдеттендиргенбиз.  Бирок, кээ бир азаматтар ошол кез-деги бийлигин пайдаланып, Билим берүү министрлигинин алдында чала фонд-ду чампалай салып түзө коюшуп, өздөрү басып жатып алышты. Каалаган-дай бөлүштүрүп жүрүшөт! Бардыгы жабык, эч ким билбейт. Бул ээнбаш-тыкты  тез арада токтотуу керек.  Россиядагыдай ( мисалы,  РФФИ, РФ-ГИ)  эле ачык мамлекеттик фонд түзүлсүн. Чет жерден келип жаткан илим жана инновация каржылары кимдин колунда? Ачыкка чыгаруу зарыл!

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Мен Сиздин прогрессивдүү көз карашыңызга ишенем жана менин кай-рылуума тиешелеш көрсөтмөлөрдү бересиз го деп үмүттөнөм. Билим берүү жана илим тармагына күйүп жүргөнүм Сизге белгилүү.  Ал баалуулуктар үчүн  дайыма кызмат кылууга даярмын!

Сизди терең урматым менен,

Физика-математика                                                                      К. Осмоналиев

илимдеринин доктору

профессор                              

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: