Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденциянын директору Максат Шабданбеков деген куудул жигит бар. Өнөрпоздугу жагынан Абдылда, Күмөндөр, Кожобекти көчүккө калтырат. Максат өзгөчө генерал-лейтенант Элмурза Сатыбалдиев менен ИИМ орун басары Курсан Асановду катыра туурап, катарлаш отургандардын боорун эзип коёт. Элмурза боюнча «Хо-охма…» деген сөзүнөн баштап, үнүн жасап сүйлөсө тан бересиң. Ал эми Курсанды эмнеге кыздар жакшы көрөрүн айтып келип, «себеби, анын жумурткасы каздыкындай…» деп күлдүрөт. Карап отуруп аргасыздан жылмаясың. Бир күнү Элмурза менен Курсандын колуна кокус Максат илинип калса, мойну бир буралып, аягына чейин булбул болуп сайрап берет го…
Булак: Азия ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ