Menu

Канат Исаев кылыгына өкүнүп, камчысын моюнга алып, Темир Сариевден кечирим сураганы бар

Бөлүшүү:

Өзү чо-оң саясат алсыз, арсыз адамды акылынан айнытып койсо керек. Анткени айтканына ар дайым өзү каршы чыккандар толтура. Бүгүн бирди айтса, эртең уялбай эле анысына каршы экини айтып басып жүргөн саясатчыларыбыз бар. Алардын бири “келечекте президент болот” деп боолгологондордун катарындагы Канат Исаев. Бу Какенин канаты чын эле кайрылганбы айтор акыркы күндөрү өзүнө-өзү нааразы болуп калды. Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкты эле, өзү түптөгөн партиянын бортунун сыртында калды, өгөйлөнүп. Андан дагы жол чуусу менен агасы Темир Сариевди кызматтан алууда катуу таасир берди эле. Кийинчерээк бул кылыгына өкүнүп, камчысын моюнга алып кечирим сураганы бар. Темике дагы оңой олжо эмес экен, инисинин мындай аракетин ММКлар аркылуу ашкерелеп койду эле ага арданган Какебиз эми кайрадан чабуулга өтүптүр. Түшүнүктүү да экөө бирдей ажолукка ат салышкан Чүйдүн тың чыкмалары эмеспи, бири- бирине жол бошотпой жатып, тар көпүрөдөгү жол талашкан эки улактын кейпин кийип калышпаса эле болгону. Андан дагы жигит болгон соң, ар бир шым кийген мырзага бир эле сүйлөгөн жарашат. Тактыдан мурда абийир, намыс кымбат эмеспи…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: