Menu

Полковник Ашым Абдраимов 100 миң сомду сол чөнтөккө солоп жиберип, «крыса» аталганы ыраспы?

Бөлүшүү:

Буга дейре эки ирет гезит аркылуу ИИМ алдындагы коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын башчысы, полковник Ашым Абдраимовго суроолорубузду жолдоп көрдүк. Жооп берүүгө духу жетпедиби, айтор, жымжырт. Мындай шартта биз кайрадан Ашыкенин өзүнө соболдорубузду жолдоп турган кербезибиз. Жаңыртып. Албетте, духу жетсе, ИИМ полковнигинин да жообун тыңдоого даяр­быз. Эски режим тушунда Курманбек Бакиев өкүл атасы экенин айтып мактанган бу МЕНТ 2008-2010-жылдары ИИМдеги каржы-экономикалык кылмыштар жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгын жетектеп, кыйла көпкөндүгү күнү бүгүнкүгө чейин «Кызыл шапкечендер» арасында күбүр-шыбыр кеп болуп айтылып жүрөт. КурСалиевичти ар убак оозунан түшүрбөй мактап жүргөн эргул 2010-жылдагы кандуу 7-апрель күнү кечинде өкүл атасын алгачкылардан сатып, кабинетинде илинип турган Бакиевдин сүрөтүн кесиптештеринин көзүнчө алып ыргытып, «элди аттырган ит, адам эмес тура» деп жерге чапканы чын беле? Кызыгы, дал ошол бакиевдердин доорунда ИИМдеги ашканадан 100 миң сомду сол чөнтөккө солоп жиберип, кесиптештеринин арасында «крыса» аталганы ыраспы? 7-апрель окуясына дейре өзү жашаган үйүнөн электр энергиясы үчүн он миндеген төлөмдөрдү төлөбөй, бийлик алмашаар замат светке болгон үч жылдык карызын чагылгандай тездикте төлөгөнүн мойнуна алабы? Ушул эргул анан да Кашкар Жунушалиев ми­нистр кезинде ИИМдеги негизги башкармалыктардын башчылыгын сурап, жетекчи болууга жулунганын кантесиң? Буга окшогондор моралдык күнөөлөрүн качан сезишет? ИИМ жетекчиси Улан Исраиловго кол алдындагы Ашым Абдраимов тууралуу туура маалыматтар жетпей жатабы? Министр Исраилов Ашым Абдраимовдун артын казып көрсө, дароо ИИМден айдап чыгабы? Азырынча ушул суроолорубуз менен «пауза» кармай туралы. Ашыкенин жүрөгүн аяп…

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: