Menu

Өзбекстанда “кримтөбөл” Олимпиада комитетинин төрага орун басары болду

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитетинин төрагасынын орун басарлыгына “криминалдык дүйнөнүн анабашы” атыккан  Салим Абдувалиев дайындалды. Шавкат Мирзиёев 6-январда бир катар кадрларды алмаштырды.

Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитетинин төрагалыгына “Өзбекнефтегаз” компаниясынын башкармалыгынын башчысы Алишер Султанов келди. Өзбекстандагы белгилүү ишкер Салим Абдувалиев анын орун басары болду.

Wikileaks сайты 2004-2007-жылдары Өзбекстанда АКШнын элчиси болуп иштеген Жон Пурнеллдин Салим Абдувалиевди “криминалдык дүйнөнүн анабашы” катары сыпаттаган каттарын жарыялаган. Ташкенттен Вашингтонго жолдонгон маалыматтарда ишкердин өзбек өкмөтү менен тыгыз байланышта экени айтылган. Ушул күнгө чейин Өзбекстанда «Салим-Байбача» аты менен таанымал Салим Абдувалиев да, өзбек өкмөтү да WikiLeaks сайтынын 2011-жылы жарык көргөн маалыматтарына түшүндүрмө берген эмес.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов 2008-жылы Салим Абдувалиевге спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн расмий сыйлык тапшырган. Салим Абдувалиев 1997-жылдан бери Өзбекстандын Күрөш ассоциациясынын президенти. Айрым маалыматтар боюнча ал бир канча жылдан бери Олимпиада оюндарында өзбек курама командасына демөөрчүлүк кылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: