Бишкек мэрлигине талапкерлер Нурдин Абдылдаев жана Албек Ибраимов бүгүн, 2017-жылдын 9-январында саат 14:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаардык кеңештин фракциялары менен жолугушууларды өткөрүүдө.
Нурдин Абдылдаев БШКнын депутаттарын “Борбор калааны өнүктүрүүгө кластердик кадам” аттуу программасы менен тааныштырат.
“Өз презентациямда мен ошондой эле мэриянын администрациясы коалициялык болушу керектигин айткым келет. Эгерде мэр болуп калсам, мен эң алгач коомдук транспорттун айдоочуларын кайрадан аттестациядан өткөрүүнү демилгелейм. Жол эрежелеринен тышкары алар жүрүм-турум этикасын да карманышы керек. Ошондой эле мен биздин шаардыктардын баары күйөрман болгон “Алга-Бишкек” футбол клубун кайра жаратуу керек деп ойлойм”, – деди Н.Абдылдаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ