«Алтын глобус» сыйлыгында «Айлуу жарык» тасмасынын режиссеру Барри Женкинс «Мыкты драма» номинациясы боюнча лауреат болду. Лос-Анжелесте 74-ирет кино сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. «Алтын глобуста» «Ла-Ла-Ленд» мюзиклиндеги жаш актриса менен пианисттин махабаты жөнүндөгү баян сыйлыктарды багындыруу жагынан лидер аталды.
Дэмьен Шазеллдин тасмасы «Мыкты комедия же мюзикл», «Мыкты сценарий», «Мыкты режиссер», «Мыкты ыр» жана «Фильмдеги мыкты саундтрек» сыяктуу жети номинация боюнча жеңишке жетишти.
Башкы ролду аткарган Эмма Стоун менен Райан Гослинг мыкты аял жана эркектин ролу үчүн «Алтын глобус» алышты.
Британиялык королева үй-бүлөсү тууралуу «Таажы» тасмасы мыкты драмалык сериал номинациясын багындырды. Британиялык актриса Клэр Фой бул фильмде Елизавета IIнин жаш кезин жеткиликтүү ойногондугу үчүн «Алтын глобус» алды.
“Зверополиске” мыкты анимация катары «Алтын глобус» ыйгарылса, режиссер Пол Верховендин «Ал» тасмасы мыкты чет өлкөлүк тасма аталды. Бул сыйлыкка орусиялык режиссерлордун чыгармалары дагы сунушталган, бирок алар талапкерлердин тизмесине кирген жок.
«Алтын глобус» сыйлыгы 1944-жылдан бери ыйгарылып келет. Аны Голливудда иштеген, курамында 90 эл аралык журналисти бар Чет өлкөлүк пресса ассоциациясы тапшырат. «Алтын глобусту» жеңүүчүлөр америкалык беделдүү «Оскар» сыйлыгынын талапкерлери катары эсептелип жүрөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ