Menu

Донбасста үч украин аскери жоголду

Бөлүшүү:

Донбасста чек ара линияларына жакын жерде үч украин аскери жоголду. Бул тууралуу Украинанын чыгышындагы операциялардын штабы кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, кечээ украиналык үч жоокер менен байланыш үзүлүп, алар украин аскер бөлүгү жайгашкан жерге кайтып барган эмес. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Украин аскерлеринин маалыматы боюнча акыркы сутка ичинде орусиячыл жикчилдер 48 жолу ок чыгарып, андан үч аскер кызматкери жараат алган.

Өткөн аптада Украинанын коргоо министри Степан Полторак Донбасстагы жикчилдер көзөмөлдөгөн райондордо 5 миң орусиялык аскер бар экенин айткан. ЕККУнун жаңы төрагасы Себастьян Курц болсо «ок атууну толук токтотуу» үчүн өз көзөмөлүндөгү жерлерди Донбасстын бүткүл аймагына кеңейтүү пландары бар экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: