Menu

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Мал-жандыктарга паспорт берүү ишин күчөтүү зарыл

Бөлүшүү:

Мал-жандыктарын идентификациялоо ишин күчөтүү зарыл, – деди Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 6-январда, Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы «ЭлДан Аталык» айыл чарба комплексинин ишмерүүлүгү менен таанышуу учурунда. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчы комплекстин ишмердүүлүгү менен танышып, азыркы заманбап технонологияларды колдонуу менен, айыл чарба тармагындагы өнөр жай тармагынын эффективдүүлүгүн көтөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Заманбап айыл чарба технологиясын колдонуу, фермерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жыйынтыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана алыскы чет мамлекеттерге экспорттун көлөмүн арттырууга шарт түзөт. Өкмөт бул тармактагы келечектүү долбоорлорго ар тараптан колдоо көрсөтөт. Экспортко ыңгайлашкан ишканаларды колдоо үчүн дайыма комплекстүү иштер жүргүзүлүп турат», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр ошондой эле мал чарбачылыгын жана эт-сүт өндүрүү тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө да токтолду. Аталган тармакты колдоого багытталган чаралардын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга жаныбарларды идентификациялоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

«Мал башын тийиштүү эсептөөдөн өткөрбөй туруп, жалпы мал-чарбачылыгын өнүктүрүү тууралуу кеп кылуу мүмкүн эмес. Биз өлкөбүздүн жана өз продукциябызды экспорттоону пландаштырып жаткан өлкөлөрдүн жарандарынын азык-түлүк коопсуздугунун негиздерин толук түрдө түзүүбүз керек», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«ЭлДан Аталык» айыл чарба комплексинин жетекчиси Туратбек Укубаевдин айтымында, комплекс 2008-жылы негизделген. Ишканада эки мал чарба фермасы иштеп, анда 1 500 ири мүйүздүү мал бар, “Ала-Тоо” асыл тукум эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүктүрүлүүдө. Жылына орточо алганда 1,8 млн литр көлөмүндөгү сүт өндүрүлөт.

Мындан тышкары, айыл чарба комплексинде негизги багыт катары үрөндүк арпа, буудай, жүгөрү, сафлор, көп жылдык чөп өсүмдүктөрү, кант кызылчасы, тоют өсүмдүктөрү жана жүзүм багы өстүрүлөт. Жылына орточо 1 000 тоннадан ашуун үрөн, 20 000 тоннадан ашуун кант кызылчасы, 12 000 тоннадан ашуун тоют өндүрүлөт.

Ошондой эле ишкана Тажикстан, Казакстан жана Кытайга экспорттолуучу арак-шарап продукциясын өндүрөт жана 100 ашуун адамды иш орду менен камсыздайт.

Өкмөт башчы мындан тышкары айыл чарба комплексинин 200 жакын ар-кыл айыл-чарба техникасынан турган механизациялык автопаркын кыдырып чыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: