Menu

Азимжан Аскаров өзүнүн ак экенин айтып, нан жана куран кармап карганды

Бөлүшүү:

Азимжан Аскаров ага айып мыйзамсыз тагылганын белгилеп, өзүнүн актыгын нан жана куран кармоо менен далилдөөгө даяр экенин сотто сүйлөгөн сөзүндө билдирди:

– Мени Убактылуу өкмөттүн дарегине сын айтканым үчүн камашкан. Июнь коогасында жаңжал чыгарып, милицияны өлтүрүүгө катышкан деген жалган жалаа.

Бүгүнкү акыркы отурумда сот тараптардын пикирин жана соттолуучунун сөзүн уккан соң, 17-январга чейин кеңешмеге кетти. Ошол күнү өкүм чыгары күтүлүүдө.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылкы июнь коогасында “жаңжал уюштурган, милицияны өлтүрүүгө катышкан” деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Өткөн жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети анын камалышын мыйзамсыз деп билдирип, Аскаровду бошотууну талап кылган. Сунуштун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, мурунку өкүмдү жокко чыгарган. Аскаровдун ишин 4-октябрдан тарта Чүй облустук соту Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде ишти карап келген.

Бүгүн Аскаров өзү жана анын жактоочулары соттон адилет чечим чыгарып, актап берүүсүн өтүнүштү. Мамлекеттик айыптоо болсо Аскаровду кайра өмүр бою камоого өкүм чыгарууну суранды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: