Menu

Тажикстан авиация бийлиги Орусияга сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Тажикстандын авиация бийлиги аба каттамы боюнча жаралган маселени жөнгө салуу үчүн кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштады. Траспорт министрлиги кабарлагандай, Москвадан азырынча жооп түшө элек. Январдын башында Орусияда эс алуу күндөрү болгондуктан, жакынкы күндөрү алар консенсуска келет деп үмүттөнүүдө мекеме.

Ошол эле маалда Тажикстан эки өлкөгө таандык авиакомпаниялар тең укуктуулук принцибинин негизинде иштөөсү керек деп эсептейт.

2016-жылы 20-декабрда тажик бийлиги “Жуковский” аэропортунан Дүйшөмбүгө сапар алчу “Ямал” авиакомпаниясынын тиешелүү уруксат документи жок деген жүйө менен каттамдарына тыюу салган. Тажик тарап аталган компания учууга уруксат албастан, билеттерди сатып баштаганын айткан. Буга жооп кылып, Орусия тажикстандык “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын учууларынын жолун бөгөгөн.

Бул арада орусиялык “Ямал” авиакомпаниясы январдын кап ортосуна чейин Тажикстанга учууга уруксат берилет деп күтүп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: