Menu

Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоо штабын түздү

Бөлүшүү:

Экс-министр, экс-спикер Ахматбек Келдибеков быйыл, 2017-жылы күзүндө өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катыша тургандыгы дайын болду.

Бүгүнкү күндө Ахматбек Келдибеков Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө өзүнүн президенттик шайлоо штабын ачып, өлкө боюнча структураларын түзүп, аларды адамдык, каржылык ресурстар менен камсыз кылуунун үстүндө иштеп жаткандыгы кабарланды.

Президенттикке талапкер Ахматбек Келдибековдун түндүк региону боюнча штабын УКМКнын экс-төрагасы, коопсуздук генералы Таштемир Айтбаев, ал эми түштүк региону боюнча штабын Жогорку Кеңештин депутаты, досу Улукбек Ормонов жетектей турган болушту.

Ошондой эле досу Нариман Түлеев да Нарын облусу жана Бишкек шаары боюнча кошумча жардам берет. Мындан бир аз мурун Нариман Түлеев менен Ахматбек Келдибеков Нарынга чоогу барышып, нарындыктар Ахматбек Келдибековго тай союп, уча тартып, астына күлүк ат мингизип, башына суусар тебетей кийгизип, үстүнө кементай жаап, президенттикке жеңишке жетүүсүнө бата беришкенин бизге Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева кабарлаган эле.

Эми Ахматбек Келдибеков 25 жылдын бери саясаттын ысык-суугуна күйүп-тоңуп, жакшы эле бышып жетилди. Алтургай абакка камалып да чыкты, бирок сынбады. Коррупционер деген айыптары суу кечпей калды. Эми аны бир ууч трайбалисттер эле ичи тардык менен жамандабаса, калган эл анын ак экенине ишенди. Кайрадан күрөшкө аттанды. Ийгилик каалайбыз.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: