Menu

Иса Өмүркулов Чүйдүн тыңчыкмаларын бир-бирден саясый оюндан чыгарып жатабы?

Бөлүшүү:

Бир кезде “Кыргыз темир жолу”  ишканасын башкарып, ал кызматынан Чубактын кунундай чубалган чоң чуу менен кеткен Иса Өмүркулов 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган.  Ал жерден да 2013-жылы декабрда анын үстүнөн Генпрокуратура коррупциялык беренелер менен кылмыш ишин ачкандан кийин кетүүгө аргасыз болгон. Досу Алмаз Атамбаевдин калкалоосу менен бул кылмыш ишинен кутулуп чыккан Өмүркулов 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо кайрадан досунун  КСДП партиясынын тизмесинде депутат болуп келип, азыр ошол эле фракцияны башкарууда.

Албетте Иса Өмүркуловдун президенттик амбициясы – “арманы аттын башындай” дегендей эле бар.  Канткенде Атамбаевдин тилин таап “мураскер” болсом дегенде эки көзү төрт. Ал үчүн ага атаандаш болушу мүмкүн болгон Чүй кланынын тыңчыкмаларын улам бир-бирден жыдытып, оюндан чыгарып, өзүнүн айланасын тазалап келатат.

Алгач ага атаандаш болчу Чүйдүн чыгыш тарабынын таасирдүү өкүлү Канат Исаевди байкатпай башкалардын колу менен дагы бир Чүйдүн батыш тарабынын тыңчыкмасы Темир Сариевге тукуруп, экөөсүн уруштуруп, анын айынан Темир Сариев премьер-министрлик кызматынан коррупция менен айыпталып кетти. Канат Исаев убада кылынган спикерликке жетпей калып, Атамбаевдин кан өчтү душманына айланып, акыры “Кыргызстан” партиясынын лидерлигинен кол үзүүгө туура келди. Ал чырдын эпкини менен Чүйдүн кулуну, Транспорт министри Аргынбек Малабаев да Темир Сариев менен тебише кетип, кызматынан ыргыды. Андан кийин Чүйдүн бир чүйгүнү, БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов тебилди.

Эки чоң атаандашын оюндан чыгарган менен алардын кайра жарашышына тоскоолдук кылуу операциясы да ийгиликтүү ишке ашып, Темир Сариев менен Канат Исаевди жараштырууга аракет кылган Туйгуналы Абдраимов үчөөсүнүн түнкү клубдагы жолугушуусу мушташ менен аяктады. Эми кайрадан Канат Исаев менен Темир Сариев гезиттер аркылуу эрегишип,  бири-бирин кекетип басып жүрүшөт. Ошондо азыр Алмаз Атамбаевдин жанында Чүйдүн тыңчыкмаларынан жалгыз эле Иса Өмүркулов калды.

Бүгүнкү күндө интрига менен ириткен Иса Өмүркулов Нарын кланынын өкүлү Чыныбай Турсунбековду спикерликтен кетирип, анын ордуна өзү олтуруп, анан спикерликтен президенттикке секирүү планы менен алек. Алтургай спикерди кызматтан кетирерин бир интервьюсунда ачык эле айтып салды. “Биз чүйлүктөр” дегени менен Иса Өмүркулов теги жумгалдык саяк эмеспи? Оош-кыйыш заманда ата теги Чүйгө көчүп келип отурукташып эле калганы болбосо элдин баары сыяктуу эле кыргызстандык эле болуп чыгат. Ошондуктан тияктык-бияктык болуп бөлүнбөй тынч эле жашаганыбыз оң болмок.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: