Menu

Кыргызстан санариптик телеберүүгө быйыл 15-майда толугу менен өтөт

Бөлүшүү:

Кыргызстан санариптик телерадиоберүүгө толугу менен 2017-жылы 15-майда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.

Анын айтымында, санариптик телерадиокөрсөтүү сигналы өлкө калкынын 95 пайызына жеткиликтүү болду. Жаздан кийин бардык аймактын тургундары социалдык пакетке кирген 12 телеканалды көрүү мүмкүнчүлүгүн алат.

Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев тоолуу аймактарды санариптик ТВга кошуу максатында жергиликтүү бийликтин жардамы менен автоматтык телеретрансляторлор орнотулуп жатканын кабарлады.

Санариптик көрсөтүүгө өтүү үчүн өкмөт жалпысынан 100 миллион сом бөлгөн. Каражат жабдууларды сатып алуу жана телеконтент даярдоого жумшалууда.

2016-жылдын июль айынан бери өлкө акырындап санариптик телерадиоберүүгө өтө баштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: