Menu

БУУ өкүлү: Сириядагы жарашуу жараяны толук сакталбай жатат

Бөлүшүү:

Жалпысынан Сирияда жарашуу жараяны сакталууда, бирок Дамасктын четиндеги кагылышуулар 23-январга белгиленген Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашына себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу бейшембиде БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура билдирди.

Ал элдешүү жарыяланганы менен дагы деле өлкөнүн айрым райондоруна гуманитардык жардам жеткирүүдө кыйынчылыктар болуп жатканын белгиледи.

Дамаск районунда суу системасы үчүн согуштар уланып жатат. Сирия аскерлери суу булактары жайгашкан аймакты тартып алуу аракетин көрүүдө. Сирия өкмөтүнүн маалыматы боюнча согуштук аракеттерден улам инфраструктуранын 70 пайызга жакыны зыянга учураган.

30-декабрда күчүнө кирген ок атууну токтотуу макулдашуусу жаңы тынчтык сүйлөшүүлөргө жол ачышы керек. Алардын бирин Орусия, Түркия жана Ирандын колдоосу менен Казакстандын борбору Астанада өткөрүү пландалууда. Сирия президенти Башар Асад ал жолугушууда Дамаск бардык маселелерди чектөөсүз талкуулоого даяр экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: