Menu

Түркия парламенти Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү мушташ менен улантууда

Бөлүшүү:

Түркия парламентинде өлкөнүн президенттик республикага өтүүсүн шарттаган конституциялык реформаны кароо уланууда.

Бейшемби жана жума күндөрү негизги мыйзамдын жаңы беренелери кабыл алынды. Ага ылайык, парламенттин ролу көзөмөлдөө деңгээлине чейин төмөндөтүлдү. Президенттин бийлиги олуттуу түрдө кеңейтилип, ага министрлерди дайындоо жана кызматтан алуу мүмкүнчүлүгү берилди. Мындан тышкары өлкө башсы саясий партиянын мүчөсү болууга дагы укук алды.

Президент Режеп Эрдогандын жана башкаруучу Акыйкат партиясынын демилгеси менен Түркиянын Баш мыйзамына 18 жаңы берене киргизилүүдө.

Партия эгер мыйзам чыгаруучулар конституциялык өзгөрүүлөрдү колдобосо, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жарыялана турганын билдирди.

Оппозициялык партиялар жаңы өзгөрүүлөр авторитаризмге алып барат деп эсептешет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: