Menu

Жантөрөгө жаян балыктын да тиши өтпөйт

Бөлүшүү:

Чоң кызматтагы адамдар коррупциянын анык үлгүсү экендиги Кыр­гызстанда сокурга да көрүнүп, дүлөйгө да угулуп турат. Бирок өздөрү суудан кургак чыгышып, периште сыпатында коомчулукка акыл айта беришет. Атургай караламан элге калп-чынды койгулаштырып атып, алардын да сүймөнчүгү болуп чыга келет. Айталы, 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин Ош областын калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн дирекциянын башына Жантөрө Сатыбалдиев келип, ал жердин ашмалтайын чыгарып кеткенин унута элекпиз. Баарын бажарып, кыңыр иштерин калбыр кылып байланып алып өкмөт башчылыктан кеткен эмеспи. Ооба, иштеди анан кетти дейли. Түбөлүк эч ким бир ишти энчилеп албайт эмеспи. Эң кызыгы, ошол иш ошол боюнча унутта калып, Сатыбалдиевдин жазасы кызматтан кетүүменен гана чектелип кал­ганы кандай? Эгер мыйзам үстөмдүгү орногон мамлекетте жашаганыбыз чын боло турган болсо, учурда Жантөрө Жолдошович абактын артында күн кечириш керек эле го. Колу менен кылганды мойну менен тартып дегендей. Же таанышың болсо танкасын болуп, каалаганын калчаган соң канга тойгон карышкырча четтеп баса берсе, эч ким сурак-сопкут албайбы? Мейли, мыйзамдын жазасынан кутулуп кетти дейли, кудайдын жазасынан кутулуу жаатында кантет экен бул эрен? Башкаларга иштеген мыйзам Жантөрөгө келгенде иштебей калганын кантип түшүнсөк болот? Же тиш өтпөй атабы?

Булак: “Де факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: