Menu

Капчыгы калың Мамасадык Бакиров баарын сатып алгысы келеби?

Бөлүшүү:

Интеллигенция, коомдук, мамлекеттик ишмерлер дегендерибиз абдан майдаланып кетти. Бүгүнкү күндүн өкүлдөрү баарын материалдык чен-өлчөм менен карап жатат. Албетте, бул өкүнучтүү. СССР «улуу жол башчы» деп атаган Ленин «бийликке бизнесмендер, акчалуулар келсе, коом жакырланып, аң-сезим артка сүрүлөт. Анткени алар акчасын кантип көбөйтүүнү гана ойлонушат да, баарын акчалай баа-нарк менен ченеп-бычып калышат. Андай коомдо акыл, идея негизги ролдон айрылат» деп таамай айткан экен. Бүгүн бизде ушундайлардын саркындылары арбын. Маселен, Мамасадык Бакиров деген эргул бар. Эсиңерде болсо, Ош областына бакиевдердин акыркы губернато­ру болгон. Кызматты кызылдай эле акчага сатып алуу жолу менен. Аны өзү айтпаса, биз кайдан билели, Жаныш Бакиевден губернаторлукту 200 000 АКШ долларына сатып алганын мактанып айткан жайы бар. Мындан улам бул берен баарын акчага сатып алса болот деген дарт менен « ооруйт» окшойт деп атабыз. Дегеним, Мама­садык мырза ушу тапта КСДПнын таасирдүү адамдарына жолуга албай жүргөнүн эшиттик. «Жолуксам эле кызматка барам» деп төш кагат экен. Акчасын кампайтып алып кызмат сатып алуу максатында жүргөн го… Бирок бүгүнкү коом акча деген көр сезимден арылып, тазалануу жолуна багыт алганын эргул Мамасадык мырза тушүнө элек окшобойбу..

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: