Menu

Данияр Абдыкаров ак да, көк да дебейт. Абийир алдында “муунуп” турабы?

Бөлүшүү:

Адамды тескеп, ашыкча сугалактык, ыплас сезимдерге берилүү, карасанатайлык, көрсезимдик дегендерден ылгап турган абийир түшүнүгү бар. Бирок ушул түшүнүк айрымдарда алдаганча бийик болсо. айрымдарда абдан тайкы экени айгине. Өзгөчө абийир соту көкүрөгүнөн өчүп калгандар кызматтын жогорку баскычына барып алса абдан жаман. Арийне ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровго байланыштуу кызык маалыматта «Азия Ньюс» гезити 5-январдагы санына жазып чыгып, суроону кабыргасынан койгон. Тагыраагы, «Эки жыл мурун табышмактуу өлүмгө дуушар болуп, ага күнөөлүүлөр табылбай келген студент кыз Камила Дүйшөбаеванын тагдыры боюнча кызык кептин учугу так ушул министрдин орун басары Данияр мырзага келип такалганы кандай?» деген суроо салган «Азия Ньюс». Бирок орун басар Абдыкаров бул боюнча ооз ачып үн каткан жок. Албетте, ушул жерде абийир таразасы деген ишке кириши керек эле. Адилеттүүлүк көпүрөсүнөн Абдыкаров ак же көк деп туруп өтүшү керек эле. Бирок андай бол­гон жок. Демек унчукпаганы макул болгонубу? Бирөөнүн алмончоктой кызынын өлүмүнөн саясий интрига, саясий соода издегендердин арабызда жүргөнү өтө өкүнүчтүү. Айтылган кептер анык болсо, Абдыкаров акыйкат арканын моюнуна салып, абийир алдында муунуп турабы?

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: