Айрым депутаттар чындап эле мамлекеттин тагдыры үчүн маселе козгоп талкуулап атышса, айрымдар караманча эле башын коңулга тыгып, уйку-соонун ортосунда олтурушат. Ошол эле маалда жеке кызыкчылыктар үчүн да ара-чолодо сүйлөй калган депутаттар бар. Арийне кээлери эптеп-септеп былжырамыш этишсе, айрымдар атырылып чыгып, опурулуп-жапырылышат. Жогорку Кенештин депутаты Тынчтык Конушбаевдин башына чөп сындырып коелу деп жатабыз. Себеби өткөндө сүйлөдү, сүйлөгөндө дагы кандай десек, өтө «жалындуу» сүйлөдү. Андай «жалынды» өрт өчүргүчтөр дагы өчүрө албайт эле. Опурулуп койсом эле иштеп атат деген ойго келишет дегениби? Анын айтымында, «Кыргыз темир жолу» мышык ыйлай турган абалга жетип, «тупикке» кептелип калыптыр. Тынчтык мырзанын аталган тармакка асылганы жүнү жылтылдаган калтарга мергенчиликке чыкккандай түр бербейби? Акча бар жерге асылымыш этип, алкымды бузбай, караманча кароосуз калган ишканаларды айтып, чын эле көйгөй бар тармакты көтөрбөйсүзбү, Конушбаев мырза.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ