Menu

Лунара Мамытовага Сулуулук министрлигин ачып берсек окшойт

Бөлүшүү:

Чырай деген эмнени гана кылбайт ээ. «Сулуулук дүйнөнү сактайт» деп да какшап атышпайбы. Сулуу айымдарды көргөн эркектаналар мурдунан чүлүктөнгөн букача эле бура баса албай калышат. Сулуу айымдар бул куралын кээде ашыкча пайдаланып жибергенде ары дегенде ааламда согуш оту да тутанып, бери дегенде бакыйган бир кызматты ба­са жыгылышат. Албетте, тажрыйба, адистик мааниге ээ болбостон. Маселен, биздин саясатта да Лунара Мамытова деген сулуу бар эмеспи. Ушу тапта бул чырайлуу айым бийликтин жогорку эшелонунда олтурат койкоюп. Жаш болсо дагы кызматтык секириктерди башкача жасап, «таман акы, маңдай тер» төгүп атып, кеп жылдык «тажрыйбасы» менен министрдин орун басарлык кызматына жетти. Жеткени го жетти, бирок иштин көзүн табалбай кыйналып жатканын эшиттик. Жөнөкөй нерсени айталы, алдына келген кагаздын кайсыл жерине кол коерун билбей кыйналып жатыптыр. Жардамчыларына кагаздагы кол коё турган жерге «птичка» коюп кой деп канча айтам деп опурулат экен. Кээде кызматтык эйфорияга кирип кеткенде көп жылдык «тажрыйбаң» дагы жардам бербей, башыңды туман басып калат турбайбы… Мындан улам биздин саясатчылар, чиновник аттуунун баары акылдашып туруп эле айымпашаларга «Сулуулук министрлигин» ачып берип коюшса ээ. Ар кайсы тармакта тиши өтпөй, өздөрү да кыйналып, башкаларды да кыйнап олтурбай сулуушкалардын баары бир министрликте «иштей» беришет эле.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: