Menu

СДПКчы Иса Өмүркуловдун “Де-Факто” гезити Чүйдүн тыңчыкмаларын каралоону улантууда

Бөлүшүү:

КТРКнын гендиректору кызматын беришкени үчүн Илим Карыпбековдон “Де-Факто” гезитин тартып алышкан СДПКчылар “кара пиардын” араанын Иса Өмүркуловдун атаандаштарына карай ачырды.

Акыркы эле санында чүйлүк тыңчыкма Темир Сариевди жамандаган, каралаган 4 макала жарыяланыптыр. Биринде Темир Сариев коорупциялык иштери боюнча качан жооп берет деп талап кылса, экинчисинде интриган деп, үчүнчүсүндө эки жолу соттолгон адамды районго аким кылып дайындаган деп айыптайт. Ал эми төртүнчүсүндө Сариевди “саясый “өлүмтүк” деп жыйынтык чыгарат. Кыскасы, элди Сариев менен коркутуп жатышат.

Дагы бир Чүйдүн тыңчыкмасы Тынычбек Конушбаевди “караманча эле башын коңулга тыгып, уйку-соонун ортосунда олтургандардын” катарына кошуп,  “жеке кызыкчылыктар үчүн да ара-чолодо сүйлөй кал­ган депутаттарга” теңеди. Акырында “Акча бар жерге асылымыш этип, алкымды бузбай” жөн болбойсузбу деп эскертүү беришиптир.

Иса Өмүркулов кийинки президент мен болсом деген тилегин ишке ашырыш үчүн абалы Атамбаевдин айланасын өзүнө атаандаш болчу чүйдүн тыңчыкмаларынан тазалап, өзү жалгыз калгысы бар. Буга чейин көп кадамдуу комбинациялар аркылуу бирөөлөрдүн колу менен Канат Исаев, Аргынбек Малабаев, Туйгуналы Абдраимов жана башкаларды  саясый оюндардан кантип чыгарганын жазган элек.

Акыркы учурларда Атамбаев өзүнө мураскер катары Сооронбай Жээнбековду президенттикке, Албек Ибраимовду премьер-министрликке тандаганын билгенден бери аларга каршы “кара пиар” башка гезиттер аркылуу жүрө баштады. Анткени Сооронбай Жээнбеков менен Албек Ибраимов “Де-Факто” гезитин Иса Өмүркулов көзөмөлдөрүн билишет. Кечээ эки ММКга коёндой окшош бир макала жарыяланып, анда Сооронбай Жээнбековдун кемчиликтери сарэсепке алынып, премьер-министр жазга жетпей кызматтан кетет деп дүрбөттү.  Максаты эле Атамбаевди айнытып, Жээнбековго болгон мураскерлик көз карашын өзгөртүү.

Албек Ибраимовду мэрлик шайлоонун алдында ар түрдүү комбинациялар менен жүрөгүн түшүрүп, ал киши шайлоонун жыйынтыгынан чочулап, өзүн колдоочу митинг уюштурууга аргасыз болду.

Кыскасы, быйылкы президенттик шайлоонун алдындагы “кара пиар” сезонун СДПКчы Иса Өмүркулов көзөмөлдөгөн “Де-Факто” гезити ачып, беттеринде Иса Өмүркуловдон башка баардык саясатчыларды жамандоо, каралоо менен алек болушууда. Бирок материалдарынын сапаты катындардын ушагындай болуп, эч бир факты, аргументсиз эле саясатчылардын жеке керт башына асылуу, жарлыктарды тагуу деңгээлинен көтөрүлө албай жатат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: