Menu

Көпөстөр өлкөсүндө: Шаардык кеңешти адаттагыдай эле байдын балдары ээледи

Бөлүшүү:

Эскирген жылдын этегинде, т.а. 11-декабрдагы жергиликтуү кеңештерге болгон шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине 14 партия ат салышып, алардын ичинен Социал-демократтар, «Республика-Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон ашкан эле. Көп өтпөй марага кирген партиялардан Социал-демократтар, «Республика – Ата Журт» жана «Кыргызстан» фракциялары коалициялык көпчүлүктү курап, «Өнүгүү-Прогресс» менен «Меке­ним Кыргызстанды» оппозицияга калтырышканы маалым болгон. Жаңырган жылдын башында жаңы шайланган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары борбор калаанын мэрин тандап, былтыртан бери эмгектенип жаткан Албек Ибраимовдун ишин дагы бир мөөнөткө узартты. Айтор бардыгы баягыдай эле көнүмүш адат боюнча шыр кетти.

Албетте, «Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет» дегендей, мамлекеттик саясат өз өкүмүн жүргүзүшү керек, бирок 2010-жылдын 7-апрелиндеги бир нече жигиттин өлүмү эски көрүнүштөрдү талкалашы зарыл эле. Дегенибиз, элдин тагдыры чечилген тармактарды ээлеген бай-манаптардын же алардын балдар-кыздарынын тамыры кыркылышы шарт болчу. Бирок тилекке каршы, ал үмүттөр акталбай, жеке өзүнүн бизнесин ойлогон жалаң көпөстөр менен элдин жонунан кайыш тилген байлардын балдары чогулуп калды. Негизинен курулуш компаниялары барлар ээлегени белгилүү болду. Барыбыз билип тургандай, булар жер маселесин чечүү үчүн шаардык кеңешке чогулуп, мүдөөсүн ишке ашырганы турушат. Кыскасы, эски жорук кайталанып, эл үчүн иштей турган жаштар, бизнеси жок жарандар келе албады. Эл арасында бул жолку шайлоодо бир мандаттын баасы 200 миң долларга чейин жеткени айтылууда.

Анда депутаттарга көз чаптырып көрсөк, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын катарына Кененбаев Алмаз, Васильев Лев, Бердникова Евгения, Шукуров Эмил, Усубалиев Эрмек, Тынымсейитова Нуржан, Уланов Алмазбек, Докенов Эрнис, Лисниченко Вален­тина, Салымбеков Жумабек, Иманалиев Даниярбек, Имангазиева Адиса, Абиров Жаныбек тизилген. Айтсак, Нуржан Тынымсейитова менен Даниярбек Иманалиев деген­дер «Елизавета» жана «Имарат Ст­рой» деп аталган эки ири курулуш компаниясынын жетекчилери. Ал эми Жумабек Салымбеков – «Дордойдун» ээси Аскар Салымбековдун бир тууган агасы, экс-депутат Мамытбай Салымбековдун уулу. Эрмек Усубалиев болсо айтылуу Турдакун Усубалиевдин небереси.

«Республика-Ата Журт» партиясынан Музуралиев Канатбек, Молдобаева Гулнара, Горбунов Анатолий, Абдиев Бактыбек, Кадыков Мийзамидин, Эргешов Байсалбек, Коргонбай уулу Жусупбек, Кадралиев Асылбек, Досалиев Эльмир, Бактыбеков Алымбек, Токобеков Темирлан, Шананов Алмаз дегендер депутат болду.

Булардан дээрлик баары ишкерлер, ири курулуш компаниялардын жетекчилери. Мисалы, бул партиянын тизмеси менен экинчи ирет шайланып келген Гулнара Молдобаева «Бишкеккурулуш» фирмасын жетектейт. Курманбек Бакиевдин учурунда аппаратын башкарган Үсөн Сыдыковдун небереси, Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Бактыбек Сыдыковдун уулу Алымбек Бактыбеков бар. Мындан сырткары, 23 жаштагы Темирлан Токтобеков деген жигит мандат алды. Ал Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Исмаилов Сайдахмат, Сариев Таалайбек, Куламбаева Асел, Сыдыков Эмил, Сариев Аликбай, Жолдошбаева Наргиза, Аматов Рысбай, Акылбеков Асылбек дегендер бар. Баардыгы капчыгы калың көпөстөр. Маселен, Таалайбек Сариев Жогор­ку Кеңештин депутаты, «Беш-Сары» базарынын ээси Камчыбек Жолдошбаевдин бир тууган иниси. Ал эми Наргиза Жолдошбаева Камчыбектин кызы.

«Мекеним Кыргызстан» партиясында Алымов Жанарбек, Тюбеев Тимур, Жолдошов Өмүрбек, Насипов Алымбек, Абдраев Базарбек, Расул кызы Миргул, Абдыкадыров Улан деген аты-жыты белгисиздер чогулганы менен ири курулуш компанияларга тиешеси бар адамдар экени ачыкка чыкты.

«Кыргызстан» партиясынан Са­гынов Таалайбек, Конгантиев Кубанычбек, Кулматова Наталья, Жунушев Жолдошбек, Адылбеков Увазарбек дегендер депутат болуп, мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин бир тууган агасы, мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу Кубанычбек Конгантиев көч баштады. Ошондой эле Наталья Кулматова деген Бишкек шаарынын мурдагы мэри, Кыргыз-орус фондунун башчысы Кубанычбек Кулматовдун мурдагы аялы. Ал эми Жолдошбек Жунушов «Aю курулуш» компаниясынын жетекчилеринин бири.

Мына ушул кишилер кыргыз калкынын борборунда отуруп, Бишкектин тагдырын чечмекчи. Шордон арылбаган эл экенбиз го!

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: