Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев армияны жаңылоо максатында аскердик-өндүрүш комплексти түзүүнү сунуштады.
Өлкө башчысы бул сунушун Мекенди коргоочулардын 25 жылдыгын белгилөө учурунда айтты.
Мирзиёев Өзбекстандын 2021-жылга чейинки комплекстүү программа иштеп чыгып, ага аскердик техникаларды жаңылоо, сатып алуу боюнча иш-чараларды камтыш керектигин белгиледи.
Ал ошондой эле Өзбекстандын өзүнүн аскердик-өндүрүш комплексин түзүүгө убакыт келип жеткенин, бирдиктүү саясат жүргүзүү үчүн Коргоо министрлигиндеги бардык ишканаларды, “Чирчик” авиациялык заводун, “Восток” ишканасын бир адам башкарышы керектигин билдирди.
Келечекте илимий-өндүрүштүк база, сервис борборлор жана бириктирилген аскердик ишканалар түзүлүп, Өзбекстан өз аскердик учак жана танктарын чыгарат деп өзбек президенти кошумчалап өттү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ